Атамбаев өз кеңешчиси Илмияновду кызматтан бошотту

Президент өз кеңешчиси Икрамжан Илмияновду кызматтан бошотту. Анын кызматтан кетишинин расмий себеби — «башка ишке которулганына байланыштуу». Кайсы ишке кеткени азырынча белгисиз.

Атамбаев Икрамжан Илмияновду президенттин кеңешчисинин кызматынан бошоткон жарлыкка кол койду.

Президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнүн басма сөз үчүн кабарында анын кызматтан кетишине «башка ишке которулганы» себеп болгону айтылат, бирок кайсы ишке өткөнү айтылбайт.

Илмиянов, «президенттин кеңешчиси» деген кызматка чейин Атамбаевдин айдоочусу болуп иштеп келгени менен белгилүү.

2009-жылы ал жогорку билимге ээ болуп, Атамбаевдин «Медиа Форум» компаниясында экономист болуп иштей баштаган. Ага чейин 2007-жылдан 2010-жылга чейин коомдук-саясий иштер менен алектенип, оппозиционер болуп жүргөн Атамбаевдин айдоочусу болчу.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Илмиянов Атамбаевдин тегерегиндеги кызматтарда иштей баштаган.

2010-жылдан тартып ал ошол учурда Убактылуу өкмөттүн премьер-министринин кызматын аркалаган Атамбаевдин жардамчысы болуп иштеген. Ал эми 2011-жылдагы президенттик шайлоодон кийин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болгон.

Илмиянов аны «Вечерний Бишкек» басылмасын «рейдерлик жол менен басып алды» деген дооматтын шартында 2015-жылдын апрелинде кызматын тапшырган. Ал бул ири медиа-холдингдеги менчик ээлеринин алмашуусуна тиешеси бар экенин танып чыккан — Илмиянов «ак жеринен каралоого чыдабай калганын» билдирген.

2015-жылдын ноябрында Атамбаев Илмияновду президенттин кеңешчиси кылып дайындаган.

Расмий маалыматтар боюнча, Илмияновдун үйү жана бир нече автоунаасы бар:

  • үй, 90 чарчы метр;
  • автоприцеп ОДА 39370, 1992-жылы чыгарылган;
  • жүк ташуучу автоунаа МАЗ 354323, 1992-жылы чыгарылган;
  • жеңил автоуаа «Мазда 929», 1984-жылы чыгарылган;
  • жеңил автоунаа «Даймлер-Бенц 200», 1986-жылы чыгарылган.

Жакындарынын мүлкү:

  • токтотмо орун, 16,5 чарчы метр;
  • батир, 143 чарчы метр;
  • жүк ташуучу автоунаа «МАН», 1993-жылы чыгарылган.