Парламент Конституция боюнча референдум өткөрүүнү колдоду

Депутаттар Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун биротоло колдошту. Жалпы элдик добуш берүүнү 11-декабрда, жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен кошо бир күндө өткөрүү пландаштырылды.

Парламент Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча «Референдумдун датасын дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоорун президентке кол коюуга жиберди. Референдум үчүн 89 депутат добуш берип, 16сы каршы чыкты.

Добуш берүүнүн алдында айрым депутаттар референдумдун дайындалышына жана Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөрдүн өзүнө каршы чыгышты.

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова мыйзамды «жиндилик» деп баалап, ал Конституцияга каршы келээрин айтты.

«Конституция — бул элди бириктире турган документ. Биз эки айдан бери эле Конституция бузулуп жатканын айтып келатабыз. […] Ал [референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам] ошого каршы келет. Ооба, күчкө салса болот, бирок ал эмне менен бүтөт?» — деди ал.

Президентти колдого КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов Жакупова кырдаалды «күчөтүп» жатат деди.

«Мен сизге жооп бергенимди кабыл албай жатасыз. Сиз өзүңүзгө жакканды гана угат экенсиз. Биз логика боюнча кайсы гана мыйзам болбосун парламент кабыл алгандан кийин жана референдум кол койгондон кийин кабыл алынаарын макулдаштык. Эл “макул” же “каршы” добуш бергенден кийин президент кол коёт, ошол мыйзам болуп калат. Ошондуктан мен силерди [мыйзам долбоорун] колдоого чакырам», — деди ал.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө бүт курамы менен каршы чыккан «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев да түзөтүүлөр мыйзам бузуу менен кабыл алынып жатканын айтты.

«Сунуш кылынган өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым укуктарын күчөтөт. Эгерде биз бул мыйзамды кабыл алсак, эртең президент премьер-министр катары элдин тагдырын чечип, ал эми өкмөт эки баштуу болуп калат», — деди Текебаев.

КСДП депутаты Жанар Акаев өлкө эки жаатка — түзөтүүлөрдү колдогондорго жана ага каршы чыккандарга бөлүнүп калды деп эсептейт.

«Түзөтүүлөргө каршы чыккандар өз оппоненттерин каралагысы келгендей сезилет. Бул эмнеси? Биз бир гана пикирди туура көрүп, башкасын кабыл албай койгудай Түндүк Кореяда эмеспиз да. Пикирлер ар кандай болушу мүмкүн. Андан көрө түшүндүрүү иштерине көңүл бурган оң», — деди ал.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев айрым депутаттар киргизген сунуштар эске алынбай калганын айтты.

«Биз талкууланган маселени изилдеп чыгып, каршы добуш беребиз деген чечимге келдик. Бул биздин расмий билдирүүбүз», — деди ал.

Депутаттардын демилгеси менен Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр парламент менен коомчулукта талкуу жаратты. Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөрдү колдогон.

Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча талаш күчөп турган шартта парламенттеги көпчүлүк коалиция тарап кеткен.

Айрым депутаттар жана жарандык активисттер түзөтүүлөргө каршы чыгышкан, анткени алардын пикиринде ал демилгелер мыйзам бузуу менен көтөрүлгөн.

Түзөтүүлөр улуттук мыйзамдарга болгон эл аралык келишимдердин үстөмдүгүнөн баш тартууну, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын жана соттордун үстүнөн болгон көзөмөлдү күчөтүүнү камтыйт.


Тема боюнча: Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча маалымдама. Эмне өзгөрөт?