Оштун мэриясы Орусиянын грантынан үнөмдөлгөн акчага жаңы көпүрө салат

Оштун жетекчилиги эстакадалык көпүрөнүн курулушу үчүн Орусия 2014-жылы берген гранттан үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жаңы көпүрө салат.

План боюнча жаңы көпүрө Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн ортосунда мэриянын жанында жайгашат, анын узундугу 48, туурасы 14 метр болот.

Көпүрөнүн эки тарабында 2,5 метрлик тротуар каралат, ал эми четинде велочыйыр үчүн орун калтырылат.

Көпүрө 2017-жылдын мартында ишке киргизилет деп күтүп жатышат. Объектини куруш үчүн Ош мэриясы 38 миллион сомго тендер жарыялады.

Шаар курулуш жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов Kloop.kgге курулуштун сапаты бардык ченемдерге жана талаптарга жооп берээрин айтты. Ал бул көпүрөнү «ашма көпүрөнүн небереси» деп атады.

«Жаңыдан салынган көпүрөлөрдүн арасында бул Орусиянын акчасына курулгандардын ичинен үчүнчүсү болот. Үчүнчү көпүрөнү биз ашма көпүрөнүн небереси деп атап койдук», — деди ал.

«Туура эмес жерге куруп атабыз»

Курулуш тармагы боюнча эксперт Айбек Таалайбек уулу сентябрдын башында «Азаттык» үналгысына мэрия көпүрө салыш үчүн туура эмес жерлерди тандап алып жатканын айткан.

Анын пикиринде, көпүрөлөрдү адегенде Карасуу көчөсү менен Шейит-Төбөнүн ортосу сыяктуу эл көп топтолгон жана жүргөн жерде салыш керек.

«Азыр шаарда көпүрөгө эң муктаж аймак Ош жана Манас-Ата кичирайондору. Балким бул жакка көпүрө куруу кымбат болушу мүмкүн, бирок бул жакка көпүрө аба менен суудай керек. Бирок тескерисинче мэрия “былтыр бир көпүрө, быйыл бирди, келерки жылы бир көпүрө бүтүрдүк” деп мактануу үчүн алгач арзан бүтө турган жакка качырып жатат. Алар курулганы менен шаардагы тыгын эч качан азайбайт», — деген ал.

Ошто көпүрө салыш үчүн 800 миллион сомдук грант Орусия тараптан берилген.

2015-жылы октябрда шаардын эки жагын бириктириш үчүн Ак-Буура суусунун үстүнөн ашма көпүрө салынган. Анын курулушуна дээрлик 700 миллион сом жумшалган. Мэрия 105 миллион сом үнөмдөп калууга жетишкен.

Быйыл сентябрда мэрия Ленин жана Исанов көчөлөрүнүн ортосунда шаардын түштүк-чыгыш жагындагы көпүрөнү ишке киргизди. Анын курулушуна үнөмдөлгөн акчанын 78 миллион сому жумшалды.

Мэрия бул курулуш үчүн ашма көпүрө салууга бөлүнгөн Орусиянын грантынан артып калган каражаттар пайдаланылганын жарыялады.

Сүрөт: Турмуш