ШИИБ чех ишкерлерине милиция кызматкерлери кол салып-салбаганын аныктап жатат

Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырган адамдар тарабынан чех ишкерлеринин тонолушу жөнүндө маалыматты иликтей баштады.

ШИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казакбаев Kloop.kgге жабыркагандардан азырынча арыз түшпөгөнүн, андыктан милиция окуя тууралуу кабардын өзүн иликтеп жатканын айтты.

«Азырынча иликтөө ошол окуянын күбөсү болгонун айткан "Демилге" фондунун жетекчиси Бактыгүл Усманованын билдирүүсүнөн кийин ЖМКдагы материалдардын негизинде башталды», — деди ал.

Усманова бир нече белгисиз адам өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып чех ишкерлерин тоноп кетишкенин 7-ноябрь күнү кечинде билдирген.

«Азаттык» үналгысына Усманованын айтып бергенине караганда, ишкерлер сувенир алганы «Берекет-Гранд» базарына кирип чыгып келатышканда аларга бир нече киши кол салган.

«Менин көзүмчө бейтааныш беш киши алардын колун толгоп, документин талап кылышты. Мен алардан документтерди көрсөтүүнү талап кылдым, үчөө көрсөттү, бирок толук окуткан жок жана атын жазып алууга мүмкүнчүлүк берген жок. Милиционер экенин, документ талап кылууга акысы бар экенин айтышты. Мен кийлигишкенден кийин аларды коё беришти», — деди ал.

Усманованын айтымында, кол салуудан кийин чех ишкерлери акчасынын баары жоголуп кеткенин байкашкан.

Быйыл өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган кишилер чет элдиктерди тоноп кеткен учурлар буга чейин да болгон — 2016-жылдын июлунда Ысык-Көлгө бараткан орусиялык туристтерди мурдагы милиция кызматкерлери карактап кетишкен.

Көп өтпөй милиция кызматкерлери орусиялык туристтердин 1000 долларын тартып алган өздөрүнүн мурдагы кесиптештерин колго түшүрүшкөн. ИИМ колго түшүрүү учурунда алардын жанында уурдалган акча болбогонун кабарлаган.

Окуя ЖМКда жана коомдук түйүндөрдө кеңири маалым болгон — кыргызстандыктар туристтер үчүн акча жыйноого киришип, ал эми премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге бул окуяны териштирип, өлкөнүн жарандарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Орусиялык туристтерди тоноп кетишкен мурдагы милиция кызматкерлери кармалды

Сүрөт: Иллюстративдик, ИТАР-ТАСС