Видео: Жалбырак өрттөө сезону эмнеси менен коркунучтуу?

Ноябрдын кечинде Чоң Чүй каналынан өтүп баратып «күүгүм зонага» түшүп калса болот. Автоунаалардын фаралары жарык кыла албаган коюу түтүн, кийимге бир нече мүнөттө эле сиңе калган күйүктүн күчтүү жыты — алаамат тууралуу фильмдин көрүнүшүн эске салат. Ушунун баары турак үйлөрдүн жанында, жалбырак өрттөөчү сезон бүтмөйүнчө жумалап созула берет.

Материалдын түп нускасы Ливень сайтында жарыяланган. Автору: Виталий Белошапкин, Kloop.kgнин журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү.

Ливень Kloop.kg менен кошо дрондон Бишкектин жеке секторундагы жалбырак күйгүзүү процессин тартты:

Бул иш көбүбүзгө зыянсыз жана көнүмүш болуп көрүнөт: күзүндө жеке сектордо жашагандар жерге түшкөн жалбырактарды чогултуп алып өрттөп жатышкан болот. Мындай кабыл алуу — күзүндө ишембилик өткөрүү кеңири таралган советтик замандын жаңырыгы, алар дайыма жалбырактарды жана таштандыларды чогултуп, өрттөө менен бүтчү. Бирок бир нече жыл мурун экологдор бул көндүм көз караш менен күрөшүп, жалбырак күйгүзүү айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыян тийгизээрин далилдей башташты.

Кыргызстандык эколог-активист Дмитрий Ветошкин 2015-жылдын ноябрдында чириндилердин түтүнүнүн зыянын түшүндүргөн «Жалбырак өрттөгөндө уу менен дем алабыз» аттуу китепче чыгарды.

«Түтөп жаткан үймөк жалбырактар — истүү газдын булагы, ал чел кабыкты дүүлүктүрүп, организмдин алын кетирип, башты оорутат. Жалбырактар менен кошо отко түшкөн таштанды уулуу газдардын кошундусуна айланат, алар аллергиялык реакцияны пайда кылып, иммундук системага таасир этип, дайыма кайталана берсе өсмөгө түрткү болушу мүмкүн», — деп жазылат китепчеде.

Экологдор жапырт өрттөлгөн жалбырактардын чыгындыларын өнөр жай чыгындыларына салыштырганда чындыкты апырткан жери жок. Бир тонна кургак жалбырак өрттөлгөндө абага 30 килограмм зыяндуу чыгынды бөлүнөт. Алардын курамында адам үчүн эң уулуу заттардын бири — диоксиндер бар.

Өсүмдүктөрдү өрттөгөндө аларга себилген пестициддер бөлүнүп чыгышы мүмкүн, ошондой эле абага чаң, ис, азоттун кычкылы, канцерогендердин айрым түрлөрү аралашат — алардын баары өпкөгө жана колкого зыян келтирип, бөйрөк менен боордун ишине таасир тийгизип, иммунитетти начарлатат.

Зыяндуу заттардын тизмесинда кычкылтеги жок быкшыган жалбырактарда пайда болуучу бензапирен да бар. Ал өсмө ооруларына себеп болушу ыктымал. Баса, оттун түтүнү өсмөнү пайда кылган заттарды чылымдын түтүнүнө караганда 350 эсе көп чыгарат.

Жалбырак өрттөө анын масштабын көрмөйүнчө чоң зыян алып келе турган маселедей деле көрүнбөйт.

Жалбырак өрттөө дагы эмнеси менен коркунучтуу:

  • кургак жалбырактарда алардын ичинде кыштаган пайдалуу курт-кумурскалар кошо күйүп кетишет;
  • топурак катмары бузулуп, кыртыш түзүүчү микроорганизмдер кырылат;
  • от чөп өсүмдүктөрүнүн уруктарын жана тамырларын жок кылып, бактардын жана бадалдардын ылдыйкы бөлүгүнө жана алардын тамырларынын өйдөкү бөлүгүнө зыян келтирет;
  • жалбырак төшөндүсүн жок кылуу топурактын тоңушун 2-4 эсе күчөтөт;
  • күл — өтө начар жер семирткич. Компост чуңкурунда чирип бүткөн жалбырактар жер семирткич катары алда канча пайдасы көп;
  • топурак эрозия болуп, жемиштүү катмары шамалга учуп кетет.

Кыргызстанда жалбырактарды күйгүзүү үчүн кандай жаза каралган?

Жалбырак өрттөгөндөр 2000 сомдон 10 000 сомго чейин штраф төлөшөт. Жалбырактар күйгүзүлбөшүнө санитардык-экологиялык инспекция көз салат. Айтмакчы, ал жалбырак өрттөлүп жатканын көргөн кишилер чалышы үчүн атайын телефон ачты.

ТЕМА БОЮНЧА:


Эмне үчүн жалбырактарды өрттөгөнгө болбойт жана аларды эмне кылыш керек?