Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жолдоштук матчта Филиппинден 0:1 эсебинде утулуп калды. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттешүүдөн кийин комментарий берип жатып, команданын оюнуна нааразы болгонун билдирди.
Көптөгөн ылайыктуу учурларга карабастан, Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары атаандашынын дарбазасына гол киргизе албай коюшту. Курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кыргыз футболчулары матчтын жүрүшүн көзөмөлдөп турушканын, бирок ал оюндун жыйынтыгына таасир тийгизбегенин айтты.
«Жалпысынан бир топ сапаттуу оюн болду, матчтын жүрүшүн көзөмөлдөп турушту, топтун жанында көп болушту. Жакшы чабуулдар, гол киргизе турган учурлар көп болду, бирок мен сапаттуу оюнду анын жыйынтыгынан бөлүп караганга акым жок. Жыйынтыгы жарабайт», — деди ал.
Кыргызстандыктар 90 мүнөттүк матчта дарбазаны көздөй 10 жолу топ тебишти. Ал эми филиппиндиктер бир гана сокку урушту, бирок ал натыйжалуу болду.
«Ушунча ыңгайлуу учурлар болуп турганда, ушундай оюн жүрүп жатканда — биз тең чыгышка да ыраазы болмок эмеспиз, биз болсо утулуп калдык. Маселе өтө курч коюлуп жатат, ал — учурларды пайдалануу. Бул эми өтө олуттуу маселе, күлө турган нерсе эмес. Бул мени абдан тынчсыздандырат. Биз кандайдыр жаңылыш системалуулукка түшө баштадык, аны оңдойбуз», — деди ал.
Матчтын статистикасы:
Александр Крестинин Кыргызстандын курама командасына 2014-жыл жетекчи болуп келген. Ошондон тартып команда оюндун сапатын кыйла оңдогонун көрсөтүп келатат, анысы ФИФАнын рейтингиндеги абалынан көрүнөт, ал жакта Кыргызстан азыр жүзүнчү орунда турат — бул курама команданын тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч.
Кийинки жолдоштук матчты Кыргызстандын курама командасы 15-ноябрда мейманга барып Бахрейнге каршы ойнойт.
Сүрөт: АКИпресс
Булагы: Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы