Башкы прокуратура «Мегакомдун» сатылышына Текебаев ынтызар болуп-болбогонун текшерет

«Мегаком» компаниясын 2012-жылы сатууга депутаттар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Саляованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун кызыкчылыгы болуп-болбогонун прокуратура текшерет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Абдил Сегизбаев 14-ноябрда «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова «Мегаком» компаниясынын акцияларын сатуудан пайда көрүшү мүмкүн экенин көрсөткөн документтерди президент Алмазбек Атамбаевге көрсөттү.

Документтерде көрсөтүлгөнүнө караганда, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимге таандык деп болжолдонгон Southfield Management Inc. оффшор компаниясы 2012-жылы «Мегаком» уюк операторунун 50 пайыздан ашык акцияларына ээлик кылган.

Southfield Management Inc. компаниясы өз акцияларын 50 миллиондон ашуун АКШ долларына сатууну пландаган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматын маалыматы боюнча, Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов өз кезегинде бул компаниянын акцияларына — жалпысынан 22 пайызына — ээлик кылышкан. Жана алар «Мегаком» компаниясынын акцияларын сатуудан пайда көрүшү мүмкүн болгон.

Бирок Southfield Management Inc. «Мегакомдун» акцияларын сата алган эмес, анткени алар мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.

Атамбаев Башкы прокуратурага УКМК берген документтерди «кылдат иликтеп чыгууну» тапшырды.

«Жасалма документтер»

Текебаев «Азаттык» үналгысына бийлик жасалма документтерди жарыялап жатканын билдирген.

«Мунун баары толугу менен фальсификация. Муну мен так айта алам. Бийликтин айласы кетип, ушундай жол менен бизди каралоого аракет кылып жатат. Мунун баары эртеби-кечпи белгилүү болот. Президент өзү баш болуп мындай маалымат тараткан соң будамайлап, бир жыл болсо да бизди каралаганы жатат. Анткени жарым жыл, бир жыл ичинде кийинки президенттин тагдыры чечилип калат», — деди ал.

Текебаевдин айтымында, дал анын башкарган фракциясы «Мегакомдун» мамлекетке өткөрүлүшүн колдоп, ал эми Аида Салянова башкы прокурор кезинде аны камсыз кылган.

Парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов бул маалыматты «шакаба» деп атады.

«Күч түзүмдөрүнүн мындай кылмыштуу ишмердүүлүгү бийликтеги партияга кошомат кылып, президентке туура эмес маалымат жеткирип жатат. Бул жерде президентти адаштырган Абдил Сегизбаевдин күнөөсү бар», — деди Шыкмаматов.

Ал бул «бийликтин өз атаандаштарын каралоо аракети» экенин, бирок партия бардык документтерди чогултуп, өзүнүн күнөөсү жоктугун далилдей турганын кошумчалады.

Октябрда «Ата Мекен» партиясы жалган маалымат тараткандыгы үчүн «Вечерний Бишкек» басылмасы менен соттошуу ниети бар экенин билдирген — гезит мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахмановдун айтканына таянуу менен Текебаев «Мегакомду» сатуу убадасы үчүн 1 миллион доллар алганын жазган.

«Ата-Мекен» партиясы 2012-жылы Абрахмановду да сотко берген. «Алиби» гезитиндеги маегинде ал «Мегакомду» сатуудагы ортомчулук үчүн Текебаев 1 миллион алганын айткан. Партия сот процессин утуп алып, Абдрахмановдон компенсация иретинде 100 000 сом өндүрүп алган, ал эми «Алиби» гезити өз материалына төгүндөө жарыялаган.

Текебаев менен Атамбаевдин тиреши депутат Конституцияга өзгөртүүү киргизүүгө каршы чыккандан кийин башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:


КСДПнын жетекчиси: Кыргызстанда оппозиция үчүн «бейиштегидей шарт» түзүлгөн

Авторлошу: Сезим Каныбекова