Кыргызстан менен Өзбекстан кантип чек араны макулдаша башташты?

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү алты жылдан бери биринчи жолу чек араны макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кызуу жүргүзө башташты. Акыркы эки айда делегациялар талкуу үстүндө 30 күндөн ашыгыраак убакыт өткөрүштү.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жалпы чек арасы 1370 чакырымдан ашат, алардын ичинен 324 чакырымы макулдашылган эмес. Анын такталбаганы Советтер Союзу таркап кеткенден кийин ар бир өлкө ар кайсы жылдардагы карталарга таянып, чек араны белгилөөнүн өз вариантын сунуш кылганы менен түшүндүрүлөт.

2010-жылга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан макулдашуу иштерин жүргүзүп келишкен, бирок кийин өкмөт аралык комиссиянын иши токтоп калган. Иш 6 жылдан кийин гана кайра жанданды.

Ошто 2016-жылдын октябрында өзбек делегациясын тосуп алуу.

Сентябрдын ортосунан тартып ноябрдын ортосуна чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үстүндө жалпысынан 30 күндөн ашуун убакыт өткөрүштү.

Кыргыз жана өзбек адистеринин узак убакыттан берки биринчи жолугушуусу 14-сентябрда, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов көз жумган соң эки жумадан кийин болду — жумушчу топтун мүчөлөрү 23 участокту чогуу иликтешти.

Алда канча маанилүү экинчи жолугушуу 4-октябрда Анжиянда болду — Өзбекстанга Кыргызстандын аткаминерлерден, ишкерлерден жана активисттерден турган чоң делегациясы барып келди. Эксперттер бул иш сапарды эки өлкөнүн ортосудагы мамилени жылытууга карай ташталган биринчи кадам катары белгилеп жатышат.

Анжиян жолугушуусунда чек араны аныктоо боюнча экинчи кездешүү болду — топтун мүчөлөрү Кыргызстандын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы чек аранын 55 участогун чогуу изилдешти.

Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү жооп иретинде Кыргызстанга октябрдын аягында келишти — аткаминерлерден, ишкерлерден, фермерлерден жана активисттерден турган чоң өзбек делегациясы Кыргызстандын Ош шаарында болду.

Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны макулдашуу боюнча биргелешкен жумушчу топтору 10 күн чогуу жүрүп, 49 участок боюнча өз позицияларын такташты.

Акыркы жолугушуу ноябрда болду — комиссия мүчөлөрү 14 участокту изилдеп, алардын 7өөнү макулдашты. Өзбекстандын позициясына караганда, жалпы жонунан эки өлкө 56 участок боюнча өз позицияларын аныкташты.

Жалпысынан канча макулдашылбаган участок бар?

Талаш аймактардын бири — Орто-Токой, башкача айтылышында — Касансай суу сактагычы.

Бирок макулдашыла элек канча участок бар экени эмгиче белгисиз. Кыргызстан аларды 58 деп эсептейт, Өзбекстан азырынча аны айта элек, бирок Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча бери дегенде ошондой 63 участок бар.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын башчысы жана премьер-министрдин кеңешчиси Токон Мамытов «Кабар» маалымат агенттигине Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 56 чек ара участогу макулдашылганын ырастады. Анын айтымында, Кыргызстан жалпысынан 58 участокту талаш деп эсептейт.

Мамытовдун айтымында, чек ара маселеси менен ири масштабда төрт жолу  иш жүргүзүлгөн, алардын үчөө совет мезгилинде болгон — анда СССРдин ичиндеги административдик чек аралар такталган.

«Ошондуктан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы татаал участоктор акыркы жолу 1954-жылдан 1961-жылга чейин олуттуу каралган», — деди Мамытов.

Ал чек араны бекитүү процесси бир нече айлампадан туруп, азыр иштеп жаткан жумушчу топтордон тартып эки өлкө ортосундагы келишимге кол коюуга жана парламентте аны ратификациялоого чейин өтүшү керек деп түшүндүрдү.

Макулдашуунун татаалдыгы

Макулдашууда ар бир тарап өз вариантын талашып, ар кайсы жылдардагы карталарды пайдаланганы чоң кыйынчылык жаратууда. Такталбаган участоктордун саны боюнча карама-каршылыктардын келип чыгышы да ошого байланыштуу.

«Кыргызстан өз жүйөлөрүндө Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин өкмөттөрүнүн ортосундагы паритеттик комиссиянын 1955-жылдагы документтерине таянууда, ал эми Өзбекстан 1924-1927 жылдардагы улуттук-аймактык бөлүнүүнүн материалдарын жетекчиликке алууда», — деп түшүндүрөт «Новые лица» басылмасы.

Натыйжада Фергана өрөөнүндөгү чек ара эң күтүүсүз жерлерден өтүп, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарына ыңгайсыздык жаратып келатат.

Орто-Токой жана Уңгар-Тоо

Кыргыз милиция кызматкерлери өзбек сакчылары менен аң аркылуу сүйлөшүп жатышты, 2016-жылдын марты.

Эки өлкөнүн чек арасындагы акыркы чатак быйыл августта болгон. Ал 13-августта башталып, анда кыргыз милиция кызматкерлери Ала-Бука районунда өзбек милиция кызматкерин чек араны бузганы үчүн кармап алышкан.

Жооп катары Өзбекстан 22-августта макулдашылбаган Унгар-Тоого Өзбекстандын ИИМинин жети кызматкери түшкөн эки МИ-8 тик учагын кондурган.

Алар эки нерсени — кармалган кызматкерди бошотууну жана Орто-Токой суу сактагычынын тегерегиндеги күзөттү алып салууну талап кылышкан. Кыргызстандын бийлиги кармалган өзбек милиция кызматкерин ошол эле күнү кечинде бошоткон.

Өзбек милиция кызматкерлери 24-августта Уңгар-Тоодогу «Кербен» радиореле станциясынын төрт инженерин туткунга алышкан. Алар 9-сентябрда бошотулган, ага чейин алар Өзбекстандын Янгикурган милиция бөлүмүндө кармалып турган.

Өзбекстан ИИМинин кызматкерлери Уңгар-Тоодо 1 ай болуп, ал жактан 18-сентябрда чыгып кетишкен. Алар андан ары Орто-Токой суу сактагычы боюнча кандайдыр талап коюшкан эмес.

Ушундай эле окуя 2016-жылы мартта болгон. Анда кыргыз чек арачылары өзбек адистерин Орто-Токой (Касансай) суу сактагычына оңдоо иштерине киргизбей коюшканы үчүн өзбек тарап Аксы районунун Чаласарт деген жерине жана Уңгар-Тоонун макулдашылбаган аймагына эки бронетранспортер, эки КамАЗ жана 40ка жакын аскерин жайгаштырган.

Кыргызстандын ТИМи чек арадагы блокпостту алып салууну талап кылып, өзбек өкмөтүнө нота жиберген. Бирок ал жактан жооп келген эмес. Буга жооп катары Кыргызстан чек арага эки бронетранспортерун жана аскерлерин жайгаштырган.

Аскерлер чек арада марттын 18инен 26сына чейин, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызмат башчылары аскердик техниканы жана аскерлерди алып кетүү боюнча макулдашканга чейин турушкан.

Негизги сүрөт: Tengrinews.kz

ТЕМА БОЮНЧА: