Президент жашы жете электер менен никеге тыюу салууну колдоду

Президент Алмазбек Атамбаев жашы жете электер менен нике кыюуга тыюу салган Үй-бүлө жана Кылмыш кодекстерине киргизилген түзөтүүлөргө кол койду. Эми бир молдо түгөйлөрдүн ЖААКта катталганы боюнча документи жок болсо аларга нике кыя албайт. Жаңы эрежелерди бузган учурда үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мыйзамга 18-ноябрда кол коюлуп, расмий жарыялангандан тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы жоболорду аткарбаган учурда жашы жете электердин ата-энелери, жашы жете элек жубай, нике кыйган дин кызматкери үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эми диний нике кыюу Жарандык абал актыларын каттоодон (ЖААК) алынган расмий документтен кийин гана мүмкүн болот. Мыйзамдын аткарылышы үчүн диний кызматкер кыйган никелери боюнча журнал ачышы керек болот.

Түзөтүүлөрдү демилгелеген экс-генпрокурор жана «Ата-Мекен» фаркциясынын депутаты Аида Салянова Kloop.kgге аларды аткаруу кандайча ишке ашаарын түшүндүрүп берген.

Аида Салянованын айтымында, мыйзамды жүзөгө ашыруу Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы менен кызматташууну камтыйт, ага ылайык муфтият атайын диний токтом чыгарат. Анда молдо нике кыярдан мурун эмне кылышы керек экендиги сүрөттөлөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Жаштар жана түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Мурадилов Kloop.kgге 2016-жылдын февралында курган маегинде мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө кыйын болорун айткан болчу.

«Эгер никени жалгыз дин кызматкерлери гана эмес, а катардагы эле мусулман адамдын кыя алуусун эске алсак, анда бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө кыйын болот. Алар үйлөргө кирип, ар бирин текшерип чыга алышпайт. Бул мыйзам долбоору — куру кыял», — деген Мурадилов.

Аида Салянова Үй-бүлө жана Кылмыш кодексине түзөтүү киргизүү боюнча долбоорун 2015-жылдын декабрында сунуштаган. Аны парламент 2016-жылдын майында кабыл албай койгон.

Мыйзам долбооруна каршы чыккандар муну жашы жете электер менен нике кыюуга кылмыш жазасы бар экендиги менен түшүндүрүшкөн.

Бул жарандык активисттер тарабынан нааразычылк жаратып, блогер Данияр Айтман депутаттарды «педофилдер» деп атаган. Укук коргоочулар менен кризистик борборлордун өкүлдөрү 30-майда Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан.

Бирок азыркы мыйзам иштебей жатат деген жарандык активисттердин талабы менен социалдык маселелер боюнча парламенттик комитет мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкууга коюп, ал кабыл алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Өспүрүмдөргө нике кыюуга тыюу салуу: Депутаттар мыйзам долбооруна каршы добуш бергендиктерин кантип түшүндүрүштү?