ТИМ: Порошенкону шакаба чегүүгө байланышкан иш боюнча кыргызстандык жаран кармалды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги орусиялык шакабачылар менен байланышта болгон Кыргызстандын жараны кармалганын билдирди. Украина президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголко мурда кыргыз ТИМинин кызматкерлерин Порошенкону шакаба чегүүгө тиешеси бар деп айыптаган.

Кыргызстандын ТИМинин басма сөз кызматы укук коргоо органдары орусиялык шакабачылар менен байланышта болгон Кыргызстандын жаранын колго түшүрүшкөнү тууралуу билдирүү таратты.

Пранкерлер өзүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев деп тааныштырып алып Украинанын президенти Петр Порошенкону шакаба чегишкен.

«Азыркы тапта кармалган адам иштин бардык жагдайлары аныкталганга чейин камакка алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин басма сөз кызматы ошондой эле Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин менен 4-ноябрда болгон сүйлөшүүдөн кийин эки өлкөнүн биргелешкен иликтөөсү башталганын белгиледи.

ТИМдин маалыматы боюнча декабрдын башында эки тараптын өкүлдөрү Гамбургда ЕККУда жолугушкандан кийин гана «окуяга аргасыз аралашкан эки тараптын тиешелүү кызматкерлеринин күнөөсүн аныктаса болот» .

Мекеменин басма сөз кызматы кыргызстандык жарандын кармалышынын  себеби жана ага кандай айып коюлаары тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

«Кармалган адам жөнүндө бардык суроолор боюнча УКМКга кайрылгыла», — деди Kloop.kgге ТИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Чынгыз Юнусов.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев кыргызстандык жаран кандай айып менен кармалганын аныктай албай турганын, анткени телефондон шакаба чеккени үчүн кимдир-бирөө камакка алынганын эстей албай жатканын айтты.

«Алар улуттук коопсуздукка кандайдыр коркунуч алып келген болсо кармашы мүмкүн. Бирок кармаса, эгерде кылмыш иши козголгон болсо, 48 саат ичинде айыбын коюшу керек. Эгерде кылмыш иши козголбогон болсо, аны үч сааттан ашык кармай алышпайт», — деди Kloop.kgге Эралиев.

Кыргызстандын ТИМинин кызматкерлеринин тиешеси

Украина президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголко Украина президенти Петр Порошенкону шакаба чегүүгө Кыргызстандын ТИМинин кызматкерлери тиешеси болушу мүмкүн деп 17-ноябрда доомат коюп чыкты.

Святослав Цеголко Кыргызстандын ТИМин Петр Порошенкону шакаба чегүүгө тиешеси бар деп айыптады. Сүрөт: Антон Наумлюк

Украина президентин шакаба чегүүнү уюштурууга Кыргызстандын ТИМинин тиешеси бар экендигин Украинанын атайын кызматтары жүргүзгөн иликтөө далилдегенин Цеголко «Фэйсбуктагы» өз баракчасында жазып чыкты.

«Алар [Кыргызстандын ТИМи] Кыргызстандын президенттик администрациясынын байланыш телефондорун берип, сүйлөшүүнү уюштурууга өбөлгө түзүшкөн», — деп жазды ал.

Цеголко Порошенконун жасалма Атамбаев менен сүйлөшкөн сөзүн Вован деген ат менен көбүрөөк белгилүү болгон орусиялык шакабачы Владимир Кузнецов 17-ноябрда жарыкка чыгарганына ушундай жооп кылды.

Порошенко менен болгон сөз

Владимир Кузнецов шакаба чегүүнү өзүнүн кесиптеши Алексей Столяров — Лексус менен чогуу уюштурган.

Жасалма Атамбаев менен Порошенко Крым жана Украинанын чыгышындагы өзүн өзү жарыялап алган республикалар тууралуу сүйлөшүп, аларды «террористтик бирикмелер» деп атаган.

Порошенко Орусиянын президенти Владимир Путинди Крымда баары «жек көрүшөөрүн», анткени ал адамдарды алдап коюп, алар жабыр тартып жатышканын айткан.

Порошенконун айтымында, Орусиянын бийлиги Крымдын Орусияга кошулушу боюнча референдумдун жыйынтыгын «сүрөт кылып тартып» койгон.

Владимир Кузнецов менен Алексей Столяров — ноябрдын башында Порошенкого телефон чалган орусиялык шакабачылар. Порошенкого чейин алар ар кайсы өлкөлөрдүн саясатчыларын жана атактуу адамдарын шакаба чегишкен.

Алардын телефон аркылуу уюштурган шакабасына Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган туш болгон.

Журналисттер менен болгон маектеринин баарында пранкерлер Орусиянын атайын кызматтары менен байланышы бар экенин танып жүрүшөт.

Порошенкону шакаба чегүү

Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда болгон баарлашуу тууралуу адегенде Порошенконун басма сөз кызматы 2-ноябрда кабарлаган.

Эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу жаңылык Петр Порошенконун сайтында жарык көргөн.

Кыргызстандын президентинин аппараты телефон аркылуу сүйлөшүү болгону тууралуу маалыматты жокко чыгарган. Кыргызстандын президентинин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков «Украинанын мамлекет башчысын кимдир-бирөө тамашалап койсо керек» деген пикирин айткан.

Исаковдун билдирүүсүнөн кийин Порошенко менен Атамбаевдин сүйлөшүүсү тууралуу билдирүү Украина президентинин сайтынан алынып ташталган болчу.

Кийинчерээк Украинанын ТИМинин жетекчиси Павел Климкиндин демилгеси менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, маселе жөнгө салынган.

Кыргызстандын ТИМинин башчысы Эрлан Абдылдаев 9-ноябрда парламент жыйынында белгисиз бирөөлөр Кыргызстандан белгисиз бирөөлөр  телефон чалып «чагымчылык» кылышканын моюнга алган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Кыргызстандын ТИМи Порошенкону шакаба чегүүгө тиешеси бар деп айыпталды

Пранкер Вован Порошенконун жасалма Атамбаев менен сүйлөшкөн сөзүнүн жазуусун жарыялады