Пранкер Лексус Порошенконун шакаба чегилиши үчүн кармалган кыргызстандык менен байланышын танууда

Украина президенти Петр Порошенкону шакаба чеккен пранкер Лексус бул боюнча кармалган кыргызстандыкты билбей турганын кабарлады. Мурда Порошенкону шакаба чегүүгө жардам берген кыргызстандык кармалганын Кыргызстандын ТИМи билдирген.

Орусиялык пранкерлер (шакабачылар) Алексей Столяров менен Владимир Кузнецов Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Петр Порошенкого телефон чалып, украин президентин шакаба чегишкен.

Кыргызстандын президентинин аппараты Атамбаев Порошенко менен сүйлөшкөнүн төгүндөгөн соң телефон аркылуу болгон сүйлөшүү Украинада иликтөөгө негиз болгон. Украина президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголконун айтымында, пранкерлерге телефон чалуу жагынан кыргыз ТИМинин кызматкерлери жардам беришкен.

Кыргызстандын ТИМи өз кезегинде Порошенкону шакаба чегүүгө жардам берген деген кыргызстандыктын колго түшкөнүн жарыялаган.

Лексус деген ат менен белгилүү болгон пранкер Алексей Столяров Украинанын президентин шакаба чегүү үчүн Кыргызстандын атайын кызматтары кармаган кыргызстандык жаранды билбей тургандыгын «Заноза» басылмасына айтты.  Столяров Атамбаевге кайрылууга, кармалган адам «күнөөсүз тамашанын курмандыгы» болуп калганын айтууга даяр экенин билдирди.

«Мен президент Атамбаев менен жан-дилим менен сүйлөшөм. Шакабага даярданып жатып мен анын ырларын угуп чыктым. Эми мен анын күйөрманымын.  Айрыкча анын "Сен жок жашай албайм" жана "Тагдырга каршы" деген ырлары аябай жакты», — деди ал.

Мурда Столяров «Спутник» басылмасына Порошенкону шакаба чекпегенин айткан эле. Бирок бир жума өткөн соң Вован аттуу башка пранкер Владимир Кузнецов Интернетте бул ишти алар экөөлөп чогуу жасашканын билдирип, сүйлөшүлгөн сөздүн 15 мүнөттүк жазуусун жарыкка чыгарган.

Пранкерлер менен байланышкан, Порошенкону шакаба чегүүнү уюштурууга байланыштуу шек туурдурган кыргызстандык жарандын кармалганы тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 18-ноябрда кабарлаган.

Бирок ТИМдин басма сөз кызматы ал кыргызстандык жарандын кармалган жагдайлары тууралуу маалыматты билиш үчүн ИИМге же УКМКга кайрылууну өтүнгөн.

ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге «пранкерлер менен байланышкан кишинин» кармалганы тууралуу маалымат ал иштеген мекемеге дегеле келип түшпөгөнүн билдирди.

«Пранкерлер менен байланышкан кайсы бир кыргызстандыктын кармалган жагдайларын билгени ТИМ бизге журналисттерди эмне үчүн жиберип жатканын так билбейм. Бизде эч кандай маалымат жок, биздин кызматкерлер эч кимди кармашкан эмес», — деди ал.

Кыргызстандын УКМКсы менен байланышка чыгууга мүмкүн боло элек, ал жактагылар ишембиде колго түшүрүү тууралуу «кийинчерээк, түштөн кийин» комментарий берээрин билдиришкен. Эки күндөн бери жооп алууга мүмкүн болбой жатат.

Порошенкону шакаба чегүү

Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда сүйлөшүү болгону тууралуу адегенде Украина президентинин басма сөз кызматы 2-ноябрда кабарлаган.

«Петр Порошенко жана Алмазбек Атамбаев Орусия украин товарларынын транзитине чектөө койгондуктан украин өндүрүмүн Кыргызстанга жеткирүүгө байланышкан маселелерди чечүүнүн жолдорун, ошондой эле жүк ташуунун башка багыттарын талкуулашты», — деп жазылган эле Украина президентинин сайтында.

Эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу жаңылык Петр Порошенконун сайтында жарык көргөн.

Кыргызстандын президентинин аппараты бул маалыматты жокко чыгарган соң билдирүү алынып салынган.

Кыргызстан президентинин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков Атамбаев Украинанын президенти Петр Порошенкого телефон чалбаганын 3-ноябрда билдирген болчу.

Исаков ошондой эле «Украинанын мамлекет башчысын кимдир-бирөө тамашалап койсо керек» деп кошумчалаган.

Ошол эле күнү Кыргызстандын ТИМинин басма сөз кызматы Украинанын ТИМинин жетекчиси Павел Климкиндин демилгеси менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев белгисиз бирөөлөр Кыргызстандан телефон чалып «чагымчылык кылышканын» 9-ноябрдагы парламент жыйынында билдирген.

Сүрөт: strana.ua