Мамкаттоо: 26-ноябрь — добуш бериш үчүн биометрия тапшыруунун акыркы күнү

Мамлекеттик каттоо кызматы референдумда жана жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш бериш үчүн биометриялык маалымат тапшыруунун акыркы күнү 26-ноябрь экенин кабарлады. Биометрияны эртең мененки 9дан кечки саат 6га чейин тапшырса болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев шайлоочулардын тизмесине кириш үчүн биометриялык маалымат тапшыра турган акыркы күн 26-ноябрь болоорун билдирди.

«Эгерде кимдир-бирөө шайлоочулардын тизмесине кире элек болсо, бирок добуш берүүгө катышкысы келсе, ал 25- же 26-ноябрда биометриялык маалыматтарын тапшырышы керек. 26-ноябрь ишемби күн болот, бирок иш күнү болбогонуна карабастан, Мамкаттоонун биометриялык маалымат чогултуу боюнча операторлору 18:00гө чейин иштешет», — деди Сарпашев.

Мамкаттоонун басма сөз кызматынын жетектөөчү адиси Дамира Азимбаеванын айтымында, Мамкаттоо ишемби күнү биометриялык маалымат чогултмакчы болгон себеби - «шайлоочулар жанданды». Ошондой эле биометриялык маалыматтарды чогултуунун кошумча пункттары ачылды.

«Бул жарандардан көз каранды, биздин адамдар акыркы күнү чуркай башташат. Эл биометрия тапшыргысы келип жатат. Калкты тейлөө борборлорунда киши көп, эл ишеним телефонуна чалып, маалыматтарды каяктан тапшырса болоорун издеп жатат. Жарандардын каалоосун эске алып, биз биометрия чогултуу пункттарын көбөйтүп жатабыз», — деди ал Kloop.kgге.

Бишкек шаары боюнча биометриялык маалымат чогултуу пункттарынын даректери:

Ленин району:

  1. Калкты тейлөө борбору — 1, Тынчтык проспекти 95;
  2. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, 6-корпус, Фрунзе көчөсү, Турусбеков көчөсү менен кесилишет.

Октябрь району:

  1. Калкты тейлөө борбору — 2, Ч.Валиханов көчөсү 2;
  2. Октябрь районунун администрациясынын имараты, Байтик Баатыр көчөсү 17, Медеров көчөсү менен кесилишет;
  3. И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ахунбаев көчөсү, Байтик Баатыр көчөсү менен кесилишет;
  4. К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жатаканасы;
  5. № 88-орто мектептин имаратында, Куйручук көчөсү, Көк-Жар;
  6. №99-кесиптик лицейдин имаратында, Горький көчөсү 18.

Свердлов району:

  1. Свердлов райондук администрациясынын имаратында, Чүй проспекти 28 (Чыгыш-5);
  2. № 51-орто мектеп, Буденный көчөсү 134;
  3. № 32-орто мектеп, Душанбинская көчөсү Дубосековская көчөсү менен кесилишет 39-А.

Биринчи май району:

  1. И. Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Манас проспекти Ахунбаев көчөсү менен кесилишет.

Эгерде биометриялык маалымат тапшырбасаңар, референдумда добуш бере албайсыңар.

Биометриялык маалымат тапшыра турган жер кайсы жерде катталганыңарга карабайт. Жаныңарда паспорт болушу керек.

Сүрөт: АКИpress

ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛ:


Карточкалар: Референдумда кантип добуш бериш керек?