Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги: Маселе мигранттарда эмес, жумуш берүүчүлөрдө

Москванын мэри Сергей Собянин 28-ноябрда кыргыз мигранттарын «көйгөйлүү» деп атады. Москвадагы кыргыз элчилиги жумуш берүүчүлөр «эмекчилер менен укуктук мамилеге кирүүдөн» баш тарткандыктан кыргызстандыктар мыйзамсыз иштөөгө мажбур болуп жатышканын эске салып жооп кайтарды.

Москва мэринин сын пикиринен кийин кыргыз дипломатиялык мекемеси Орусияда иштеген кыргызстандыктардын негизги маселеси катары жумуш берүүчүлөрдүн өздөрү Орусиянын эмгек мыйзамдарынын алкагында иштегиси келбегенин белгилеп өттү.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргызстандыктардын көпчүлүгү чындап эле миграциялык каттоого турбайт. Бирок буга алардын өздөрү мыйзамсыз иштегиси келгени себеп эмес. Көпчүлүк жумуш берүүчүлөр өздөрү «эмгекчилер менен укук мамилелерине өткүсү келбейт».

Кыргызстандын элчилиги жазганына караганда, жумуш берүүчүлөр салык төлөбөш үчүн эмгек акыны «конвертте» берүүнү оң көрүшөт.

«Мыйзамсыз миграциянын деңгээлин төмөндөтүш үчүн иш жүргөн жердеги салыктан жана каттоодон качып, Орусия Федерациясынын эмгек мыйзамдарын бузуп, эмгек акыны конверт менен берген жумуш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин да кошо караштыруу зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.

Москванын «коопсуздугун күчөтүшпөйт»

Собянин 28-ноябрда Орусиянын башкалаасынын «коопсуздугуна» кыргыз мигранттары салым кошпой тургандыгын айтып, полицияны мыйзамсыз миграцияны токтотууга чакырды. Бул тууралуу ал 28-ноябрда Москвадагы мыйзам бузуунун алдын алуу маселелери боюнча кеңешмеде кеп кылды.

Москванын мэри Сергей Собянин кыргыз мигранттары «коопсуздукту күчөтпөй» турганын айтты. Сүрөт: Москванын калкын социалдык жактан коргоо департаменти.

Бул маселенин талкуулоого себеп катары Собянин коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарын эске салды, анда москвалыктар бийликтен мыйзамсыз миграция жаатында тартип орнотуп, чара көрүүнү талап кылышкан.

«Ар кандай баалар боюнча бүгүн шаардагы мигранттардын 40 пайызы мыйзамсыз иштейт. Баарыдан мурда бул Москвада иштеп, Орусияда 90 күндөн азыраак жашап, ошондуктан каттоодон өтпөгөн вахтачылар аттуу кишилерге тиешелүү», — деди ал.

«Интерфакс» маалымат агенттиги жазгандай, «көйгөйлүү» деп Собянин Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдөн, атап айтканда Кыргызстандан барган мигранттарды айткан.

«Мигранттардын бул эбегейсиз зор агымы, тилекке каршы, шаарыбыздын коопсуздугун күчөтпөйт», — деди ал.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда жүргөн Кыргызстандын жарандары такай көбөйүп баратат. 2016-жылдын январына карата алардын саны 553 миң 910 кишини түзгөн.

Евразия Экономикалык Биримдигине кирген соң Орусияга кеткен мигранттардын агымы күчөдү. Бул экономикалык биримдиктин келишими боюнча 2015-жылдын августунан тартып кыргыз мигранттары үчүн ишке уруксат алуунун зарылдыгы жок болгонуна байланыштуу. Бул жагдай Кыргызстандан Орусияга кеткен мигранттарды көбөйтүп, алардын атаандаштыкка туруктуулугун арттырды.