ШИИБ «Дордойдогу» чатырдын кулашын иликтейт

Бишкек ШИИБнин кызматкерлери «Дордой» соода комплексине кирген «Алкан базарынын» үстүнөн чатыр кулап түшкөн факт боюнча иликтөө жүргүзөт. Базардын ээси жабыркагандардын баарынын тарткан зыянын төлөп берүүгө убада берди.

Укук коргоо органдары «Алкан базарындагы» чатырдын кулап түшүшү боюнча иликтөө жүргүзүшөт.

«Милиция баштапкы материалдарды чогултту, факты катталды. Кылмыш иши техникалык коопсуздук ченемдери сакталбаганы боюнча козголот», — деп кабарлады ШИИБ.

«Алкан базарындагы» контейнерлердин үстүнөн чатыр кулап түшкөндүктөн беш киши жабыркады, алардын үчөө оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия боюнча илимий-изилдөө борборунда (БТжОИИБ) жатышат.

«Алкан базарынын» вице-президенти Чынгыз Алканов базардын администрациясы окуяга байланыштуу «жоопкерчиликтен качпай тургандыгын» жана жабыркагандардын тарткан зыянын төлөп берээрин билдирди.

«Мен азыр ким күнөөлүү деген талашка киргим келбейт. Кырсык биздин базарда болду, жабыркагандардын дарысына, баарына керектүү чыгымдарды администрация көтөрөт», — деди ал.

Анын айтымында, базар администрациясы бузулган товардын да наркын төлөп берет.

Алканов базардын администрациясы чатырды адистер менен кошо текшерип, алар оңдоо иштери талап кылынбайт деп ишендиришкенин айтты.

«Чатыр сегиз жылдай мурун жасалган. Бизде жалдануучу бар. Биз чатыр ишенимдүү жана жаратылыштын бардык сыноосун көтөрө алат деп ойлогонбуз. […] Кар жааганда бизге анын бекемдеп кое турган жерлери бар экенин айтышты. Биз дароо эле адистерди чакырдык. Алар карап көрүп, азырынча шашылыш оңдоо иштери талап кылынбайт дешкен», — деди ал.

Чатырдын кулашы

29-ноябрда эртең менен «Алкан базарында» 450 чарчы метрлик чатыр кулап түштү. «Дордойдун» коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кырсыктын себебин кардын бачым эригенинен көрүп жатышканын айтышты. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында чатыр кулаган жерге бара турган өткөөл эки күнгө жабылды.

Чатыр кулаганда беш киши жабыркады, алардын арасында Казакстандын жарандары бар. Алардын баары БТжОИИБге жеткирилди.

Жабыркагандардын экөө азыр эсине келе элек, экөө реанимацияда, бирөө омуртка патологиясынын бөлүмүндө жатат.

Жабыркагандардын тизмеси:

  • Я. Ф., 1976-жылы туулган. Дарт белгиси: бел тушундагы эти урунган.
  • В. З., 1954-жылы туулган. Дарт белгиси: сол жактагы кабыргалары туюк сынган, таманынын сөөктөрү туюк сынган.
  • Ж. О., 1978-жылы туулган, Казакстандын жараны. Дарт белгиси: баш сөөгү жана мээси туюк жабыркаган, мээси чайкалган, чекеси урунган.
  • Т. Н., 1956-жылы туулган, Казакстандын жараны. Дарт белгиси: башы жана мээси туюк жабыркаган, мээси чайкалган. Сол ийини туюк сынган.
  • А. Дарт белгиси: баш сөөгү жана мээси туюк жабыркаган, баш мээси урунган, таманынын манжалары жулунуп кеткен, көкүрөгүнө мокок нерсе урунган.