Видео: «Дордойдогу» чатырдын кулашынан жабыркагандар беш кишиге жетти [жаңыртылды]

«Дордойдун» түндүк тарабында чатыр кулап түштү. Чатыр кулаган жердин аянты 450 чарчы метрди түзөт. Беш киши жабыркады. 

«Дордойдун» курамына кирген «Алкан» базарынын үстүндөгү чатыр 29-ноябрда эртең менен кулап түштү.

Коопсуздук үчүн «Алкан» базарындагы сатуучулар менен алармандардын баары сыртка чыгарылды. Администрация чатырдын кайра кулашынан кооптонуп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы чатырдын кулашынан улам беш киши жабыркаганын кабарлады — алар Бишкектеги травматология жана ортопедия боюнча илимий-изилдөө борборуна (БТжОИИБ) жеткирилди.

Жабыркагандардын тизмеси:

  1. Я. Ф., 1976-жылы туулган. Дарт белгиси: бел тушундагы эти урунган, текшерилип жатат;
  2. В. З., 1954-жылы туулган. Дарт белгиси: сол жактагы кабыргалары туюк сынган, таманынын сөөктөрү туюк сынган, текшерилип жатат;
  3. Ж. О., 1978-жылы туулган, Казакстандын жараны. Дарт белгиси: баш сөөгү жана мээси туюк жабыркаган, мээси чайкалган, чекеси урунган, текшерилип жатат;
  4. Т. Н., 1956-жылы туулган, Казакстандын жараны. Дарт белгиси: башы жана мээси туюк жабыркаган, мээси чайкалган. Сол ийини туюк сынган, текшерилип жатат.
  5. А. Дарт белгиси: баш сөөгү жана мээси туюк жабыркаган, баш мээси урунган, таманнын манжалары жулунуп кеткен, көкүрөгүнө мокок нерсе урунган.

«Дордой» базарынын коопсуздук кызматынын Имаш аттуу өкүлү Kloop.kgге контейнерлердин үстүндөгү чатырдын кулашына кардын эрий баштаганы себеп болгонун айтты.

«Коопсуздук максатында адамдар ал жактан чыгарылып, чатыр кулаган жердеги өткөөл эки күнгө жабылды. Анткени чатыр кайра кулашы мүмкүн деген кооптонуу бар», — деди ал.

Анын айтымында, окуя болгон жерде ӨКМдин кызматкерлери дагы эле иштеп жатышат. Алар чатырдан түшкөн кар менен музду тазалашууда.

Окуяны көргөн Каныкей Каптагаева чатыр кулап жатканда ал жерде киши көп болгонун айтты.

«Мен үстүнөн баары кулап түшкөнүн көрдүм, эл чыга бериш тарапка удургуду, ал жакта жабыркагандар көп болушу мүмкүн болчу, бирок так билбейм», — деди ал.

Сүрөт: «Кабар»