Жогорку Нарын ГЭСтеринин наркы «эки эсе көп көрсөтүлгөн»

Депутаттык комиссия Нарын облусунда курулган ГЭС объектилеринин наркы эки эсе көп көрсөтүлгөн деген тыянакка келди. Депутаттар өкмөттөн курулушка кеткен чыгашанын аудитин өткөрүүнү суранышты.

Депутаттык комиссия Жогорку Нарын ГЭС каскадынын объектилеринин курулушуна кеткен чыгашаны иликтөөнү аяктады — парламент өкүлдөрүнүн айтымында, чыгаша курулуштун чыныгы наркынан эки эсе көптүк кылат.

«"Жогорку Нарын гидроэлектр станциялар каскадынын" курулушуна кеткен чыгаша эки эсе көп көрсөтүлгөнү, бул болжолдуу коррупциянын көрүнүштөрүнөн кабар берээри белгиленсин», — деп жазылат корутундуда.

Депутаттар курулушка кеткен чыгашаны эл аралык аудиттен өткөрүүнү өкмөткө, ал эми андан алынган жыйынтыктарга укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырышты.

Жалпысынан курулушка 37 миллион доллар (же 2 миллиард сом) жумшалган, аларды Кыргызстан Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча келишимден бир тараптуу баш тарткандыктан кайтарып берүүгө милдеттүү.

Комиссия баалардын жогорулатып көрсөтүлүшүнө айрым мисалдарды келтирди:

«Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын туундусу болгон «Мостотряд» компаниясы вахталык кыштакты суу менен камсыз кылыш үчүн 50 миллион сом алып, жыйынтыгында ал жок болуп чыккан.

Эки компания — «Аграм» ЖЧК жана «Энергоактив» ЖАК — атайын жабдууну алып келиш үчүн 13 миллион сом алышкан. Бирок объектиге жаңы талкалагыч чарба да, 35 кубометрлик бетон аралаштыруучу орнотмо да келип түшкөн эмес.

Контейнерлерден вахталык кыштактын курулушу чарчы метрине 1300 доллардан бааланган, бирок комиссия курулуштун чыныгы баасы — 500 доллар деп эсептейт.

Жогорку Нарын ГЭС каскады

Каскаддын курулушу Кыргызстандын энергетикалык эгемендигин камсыз кылып, жумуш орундарын түзүп, электр кубатынын тарифтерин арзандатуучу масштабдуу энергетикалык долбоор катары пландаштырылган.

Нарын дайрасынын жогорку агымдарынын энергетикалык дараметин пайдалануу мүмкүнчүлүгү 1960-жылдары эле каралып келген. 1990-жылдардын башында Жогорку Нарындын ресурстарын өздөштүрүү схемасы иштелип чыккан.

2012-жылы Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Макулдашуу боюнча «Жогорку Нарын гидроэлектр станциялары» жабык акционердик коому түзүлүп, ага бирдей үлүштө Орусиянын «Русгидро» мамлекеттик компаниясы жана Кыргызстандын «Электр станциялары» ээлик кылышкан.

Каржылоо Орусия тараптан келип, Кыргызстан тарап салык жана бажы жагынан жеңилдиктерди камсыз кылып, ошондой эле аянтты курулушка даярдап бериши керек болчу. Жалпысынан Кыргызстан 30 миллион долларлык эки транш алып, анын 37 миллиону сарпталган.

4 гидроэлектр станциядан турган каскаддын курулушу 2 жыл — 2013-жылдан 2015-жылга чейин жүргөн — жана план боюнча 2019-жылы аяктамак. Бирок Орусия каржылоону токтотуп койгондуктан Кыргызстандын парламенти макулдашууну денонсациялап, долбоор токтотулган.

Эми Кыргызстан макулдашуу боюнча Орусиянын тарткан зыянын ордуна келтирип, 37 миллион доллар төлөп бериши керек. Кыргызстандын бийлиги акчаны төлөп берүүгө убада берди, бирок так мөөнөтүн айткан жок.

ТЕМА БОЮНЧА:


Kloop.kgнин иликтөөсү: Жогорку Нарын ГЭСтериндеги объектилерди куруудан ким канча акча иштеп тапкан?