Салянова: Атамбаев Бишкек жылуулук борборуна көмүр жеткирүүдө «Прогресс Компанинин» кызыкчылыгын сүрөгөн

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн басма сөз жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын күйөөсүн Бишкек жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр ташыган деп айыптады. Салянова болсо Атамбаев өзү «Прогресс Компани» компаниясынан көмүр сатып алууга «сүрөөнчүлүк кылып», алда канча пайдалуу жеткирүүчүлөрдү четке каккан деп билдирүүдө.

Салянова «Фэйсбуктагы» өз баракчасында президент басма сөз жыйынында анын күйөөсү Бишкек жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө тиешеси болгону тууралуу «калп айтканын» жазды.

«Кимде-ким Бишкек жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө тиешеси болсо, ал Атамбаев өзү! 2014-жылдын сентябрында акыркы жылдары бир булактан алуу ыкмасы менен көмүрү сатып алынган "Прогресс Компани" компаниясынын кызыкчылыгына Атамбаев өзү сүрөөнчүлүк кылганы тууралуу мага маалымат жеткен», — деп жазды ал.

Депутат көмүрү керектүү сапатта, баасы арзан «Жезказган Энергосбыт» компаниясынын базарда пайда болушун президент көз жаздымда калтырып, «Прогресс Компанинин» ээсине анын саткан көмүрү жылуулук борборуна «тоскоолдуксуз» жеткирилээрине убада бергенин жазат.

Анын сөзүнө караганда, ал башкы прокурор болуп турганда «Электр станциялары» компаниясынын жетекчисин текшере баштаган. Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев маселе президенттин көзөмөлүндө турганына шылтап, көмүр жеткирүү ишине кийлигишкен. Кийинчерээк Артыкбаев президенттин демилгеси менен кызматтан алынган.

«Ошондон тартып менин атымды жаманатты кылуу боюнча мурда болуп көрбөгөндөй өнөктүк башталды. Кийинчерээк декабрда Атамбаев менин күйөөмө карата эч нерсе менен негизделбеген күмөн ойлорун ачык айта баштаганда мен ал түкшүмөлдөрдүн жалган экенин далилдөөгө аракет кылдым. Бирок анын ага кереги жок экен. Президенттин мени жаманатты кылууга мындай жеңил мамилеси анын жеке кызыкчылыгынан кабар берип турду», — деп жазат Салянова.

Аида Салянова «Жезказган Энергосбыт» компаниясы менен көмүр жеткирүү тууралуу келишим түзгөн кишилер анын күйөөсүн эч качан көрбөгөнүн жазууда. Бирок бул жагдай бийлик аны «келишим түзүүгө зомбулук менен опузалап мажбурлоо» беренеси боюнча айыпташына жолтоо боло алган эмес.

Президенттик аппараттын бөлүм башчысы Алмаз Үсөновдун пикиринде, Салянова Бишкек жылуулук борборуна көмүр жеткирүүнүн мындай жагдайларын билгени анын бул ишке аралашканын далилдеп турат.

«Демек, Салянованын айтканы боюнча балким анын күйөөсү көмүр жеткирүүдөгү бул алдамчылыктын үй-бүлөдөгү жалгыз уюштуруучусу болбосо керек, анын прокурор аялы да аралашканбы деген суроо берсе болот», — деди ал.

Президенттин сөзү

1-декабрдагы басма сөз жыйынында сүйлөп жатып президент Салянованын күйөөсү Бишкек жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө аралашканын айтты.

«Мага анын күйөөсү пара алаары, жылуулук борборуна көмүр жеткирүү боюнча […] ушул начар ишке аралашканы тууралуу материалдар келди . Мен Салянованы чакырып алып күйөөсү паракор экенин айттым […]. Бул материалдардын башталышы эле болчу», — деди Атамбаев.

Атамбаевдин айтымында, ал Саляновага «кылчактабай» ишенген жана анысын ката деп эсептейт, анткени ал үчүн күйөөсү кымбат болуп туруп алган.

«Елисеевдин лицензиясы боюнча акыркы материалдар жана башка нерселер ошону далилдеп турат», — деди президент.

«Белизгейт» жана Елисеевдин лицензиясы

Президенттин Аида Салянова менен тирешүүсү ал башкы прокурордун кызматын ээлеп турганда башталган. Бийлик анын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго каршы эки кылмыш ишин козгогон.

Кылмыш иштеринин бири Бишкек жылуулук  борборуна «сапатсыз көмүр» жеткирүү, экинчиси «алдамчылык» үчүн козголгон — ал «Тазалык» муниципалдык ишканасынын тергөө алдындагы аткаминерлеринен аларга коюлган айыпты алып салуу маселесин чечиш үчүн акча алды деп айыпталган. Абдыкапаров жети жылга шарттуу кесилген.

Ноябрдын ортосунда президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Ал президентке «Ата Мекендин» үч депутаты — Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова — 2012-жылы «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга каржылык кызыкчылыгы болгонун көрсөтөт деп эсептеген документтерди берген.

Атайын кызматтар Белизден келген документтерге таянып, алар «Ата Мекендин» депутаттары «Мегаком» мамлекеттештирилгенге чейин анын акцияларынын жарымынан көбүнө ээлек кылган «Southfield Management» компаниясында акциялары болгон деп эсептешкен.

Өз кезегинде Салянова жана калган эки депутат бул документтерди жасалма деп жарыялап, бийликтин аракеттерин аларды жаманатты кылуу далалаты катары баалашкан.

Ноябрдын аягында Башкы прокуратура Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн адвокаты болуп жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын 2010-жылы жаңыртылышы боюнча кылмыш ишин козгогон.

2010-жылы Аида Салянова башкарып турган Юстиция министрлигине Елисеевден лицензияны жаңыртуу боюнча арыз түшкөн.

Башкы прокуратура адвокаттык лицензия мыйзамсыз жаңыртылганын — Юстиция министрлигинин кызмат адамдары соттуулук жана кылмыш иштеринин бар-жогу тууралуу маалыматты күтүшпөгөнүн, андан соң мыйзамга каршы аракеттерди жашыруу максатында Елисеевдин жеке ишин жок кылышканын далилдөөгө аракет кылууда.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Фейсбуктагы» өз барагында Елисеевге карата күчүнө кирген айыптоочу өкүмдөр боюнча расмий маалымат болбогонун жазып чыкты. Ал Елисеевдин лицензиясын жаңыртуудан баш тартууга негиз болгон эмес деп эсептейт.