Ырчы Кайрат Примбердиев тонолду

Ырчы жана анын жубайынын үйдө жоктугунан пайдаланып, уурулар акча жана аппаратураларын уурдап кеткен. Үйүндө Примбердиевдин кайын энеси менен уулу болгон — алар жабыркаган эмес.

Кыргызстандык ырчы, Орусиянын «Голос» музыкалык долбоорунун катышуучусу Кайрат Примбердиев өзүнүн «Instagram» барагында үйүнө уурулар киргенин билдирди. Белгисиз адамдар үйүнөн аппаратурасын жана акчасын алып чыгып кетишкен.

Кайраттын ою боюнча, кылмышкерлер алдын ала билип иш кылышкан. Алар ырчы менен жубайы үйдө жок кезинде киришкен.

Ошол учурда үйүндө уулу менен кайын энеси болгон.

«Уурулар кайын энемдин кулагы укпашын алдын ала билишкен. Мындан пайдаланып, алар терезеден уктоочу бөлмөгө кирип, эң кымбат нерселерди уурдап кетишкен», — деп жазат ырчы.

Уурдалган буюмдары: Canon EOS 60D фотоаппараты, LG телефону жана ырчынын ырлары сакталган Toshiba ноутбугу.

Кайрат Примбердиев — кыргызстандык ырчы жана Орусиянын «Голос» музыкалык долбоорунун катышуучусу. 3-декабрда анын аталган музыкалык сынактын чейрек финалына өткөнү белгилүү болгон.