Кайрат Примбердиев «Голостун» чейрек финалына өттү

Ырчы Кайрат Примбердиев орусиялык «Голос» долбоорунун чейрек финалына чыкты. «Нокаут» музыкалык баскычынан кийин кыргызстандык ырчыны анын мурдагы насаатчысы Леонид Агутин өзгөчө баалаган.

«Голос» долбоорунун кезектеги «Нокаут» баскычы 2-декабрда өттү. Бул баскычта Дмитрий Биландын командасындагы үч музыкант катышкан: Кайрат Примбердиев, Оксана Казакова жана Алена Поль. Алена Поль долбоордун кийинки баскычына өтө албай калган.

Кайрат «Нокауттан» жеңип чыгып, эми аны алдыда чейрек финал күтүп турат. Ырчы үчүн финалга эки баскыч калды: чейрек финал менен жарым финал.

Кыргызстандан барган ырчы Тина Тернердин Simply the Best хитин аткарган. Биринчи каналга курган маегинде, ырчы бул чыгарманын балачагынан бери жакшы көргөнүн айткан.

«Чындыгында мен бул ырды балачагымдан бери өтө жакшы көрөм. Кээде өзүм үчүн ырдаган учурлар болгон. Анан качан биз Дима менен ыр тандап жатканыбызда мен беш-алты ыр жөнөткөм, бирок муну эмес. Бул ыр менин оюмда болгон, ал менин оюмду окуп алгандай болду», — деп айтып берген ырчы.

Музыкалык «Нокаут» беттешинен кийин Кайрат мурдагы насаатчысы Леонид Агутиндин мактоосуна татыган. Орусиялык ырчы Примбердиевдин сынакта катышып жатканына кубанычта экенин айткан. Ошондой эле Агутин эгер кыргызстандык ырчы башка командадан чыгып кете турган болсо, өзү сактап калаарын айткан.

«Дим, сен бул жигитти убагында кууп салбаганың үчүн мен өтө кубанычтамын. Сага ыраазымын. Өтө жакшы ыр тандалыптыр, Кайрат. Азаматсың, сени менен сыймыктанам. Сага чын айтайын, эгерде сен кимдир бирөөнүн командасында болуп, мен тандашым керек болсо, мен сени 100 пайыз сактап калмакмын», — деген Агутин.

Мурдагы баскычта Кайрат Примбердиев музыкалык беттеште жеңилип калып, үйүнө кетмек. Бирок аны долбоордон чыгып кетүүдөн калыстар тобунун мүчөсү Дмитрий Билан сактап калган. Эрежеге ылайык, долбоордо ал Леонид Агутиндин командасынан чыгып Дмитрий Биландын командасында ырдай баштаган.

Бул 2012-жылдан бери «Биринчи каналда» чыгып келаткан «Голос» вокалдык долбоорунун алтынчы сезону. Бул көрсөтүү голландиялык «The Voice of Holland» долбоорунун ылайыкташкан түрү болуп саналат. 2015-жылы «Голос» Орусиядагы эң мыкты көрсөтүү болуп табылган.

Долбоорго адис музыканттар катышып, каалаган музыкалык жанрда өнөр көрсөтө алаарын калыстарга далилдешет.