Кыргызстандын облустарында мектептер ОРВОнун айынан карантинге жабыла баштады

SANYO DIGITAL CAMERA

Карантинге Чүй облусунда 29 мектеп, Жалал-Абад облусунда бир мектеп жабылды. Башка мектептерде балдардын сабакка катышуусуна байкоо жүргүзүлүүдө. Бийлик сасык тумоо жана ОРВО менен байланышкан кырдаал «оор бойдон» калганын билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Динара Оторбаева Kloop.kgге Кыргызстандын облустарындагы 30 мектеп ОРВОнун сезондук күчөшүнөн улам карантинге жабылганын кабарлады.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бир мектеп, Чүй облусунда — 29 мектеп жабылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова окуу жайлары сабакка катышуу 20-30 пайыздан азайганда жабыла тургандыгын айтты.

Мамсанэпидкөзөмөл борбору Бишкекте сасык тумоого жана ОРВОго байланышкан кырдаал «оор бойдон» калганын, ошондуктан 13 менчик мектеп жабылганын кабарлады.

Ошондой эле бала бакчаларга да байкоо жүргүзүлүп жатат, аларды карантинге жабуу маселеси ачык бойдон турат.

Бийлик карантин маалында балдарды үйдө калтырып, эл көп топтолгон жайларга — соода борборлоруна, кинотеатрларга жана компьютер клубдарына барбаганга кеңеш берет. Ошондой эле сасык тумоого каршы эмдөө сунуш кылынат.

ОРВО — бул оор респиратордук вирустук оору, эл ичинде «суук тийүү» деп аталат.

Саламаттык сактоо министрлиги 2015-жылдын ушул убагына салыштырмалуу оорулуулар 5,8 пайызга көбөйгөнүн кабарлады. 14 жашка чейинки балдар бардык ооругандардын 64 пайызын түзөт.

Бишкек мэриясынын алдындагы координациялык комитет окуучулар арасында ОРВО күчөп кеткендиктен 2-декабрда шаардын бардык мамлекеттик мектептеринде 5-декабрь менен 12-декабрды кошуп эсептегенде сабактарды токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

ОРВО менен ооруганда эмне кылыш керек?

ОРВО — өзү айыга турган оору.

Антибиотиктерди колдонууга болбойт, анткени вирустук ооруга каршы алардын таасири жок. Тез жардамдын дарыгерлери балдарга ацетилсалицил кычкылдыгын (аспиринди) берүүгө да болбой тургандыгын белгилешүүдө.

Айрым учурларда антибиотикти педиатр же терапевт гана дайындай алат.

Эти ысыган балдар жеңил кийиниши керек. Аларды жылуу ороп-чулгаганга таптакыр болбойт.

Дарыгерлер ысыкты түшүрүүчү күчсүз дарылар менен жана бөлмө температурасындагы сууну бат-баттан сүртүү менен дененин табын түшүрүүгө кеңеш беришет.

Ысык түшүрүүчү дарыларды, мурундун бүтүшүн жеңилдете турган тамчылар менен спрейлерди, жөтөлгө каршы микстуралар менен кайнатмаларды колдонсо болот.

Ооруп калган учурда суюктукту: ширелерди, морсторду жана малина, бал же лимон кошулган жылуу чайды көп ичиш керек. Оору учурунда күнүнө 3-4 литр суюктук ичип туруу зарыл.

Оорунун биринчи күнүнөн тартып төшөк режимин сакташ керек. Эгерде жогоруда сөз болгондордун баары жардам бербесе, дарыгерге кайрылган оң.