Таксисттер менен милиция кызматкерлеринин мушташы: «Жорго Таксинин» башкы директору айдоочунун таламын талашты

«Жорго Таксинин» гендиректору Алтынбек Каримов өзүнүн кызматкеринин таламын талашып чыкты. Айтымында, компаниянын таксисттери менен милиционерлердин мушташы түшүнбөстүктөн келип чыккан. Ал кармалган таксист жарандык кийим кийген милиционерден «жөн гана чочуп», кесиптештерин жардамга чакырганын айткан.

«Жорго Таксинин» башкы директору Алтынбек Каримовдун «Zanoza.kg» маалымат агенттигине курган маегинде анын фирмасынын айдоочусу Мирлан Таалайбеков «кол салуудан чочуп» коркунуч баскычын басканын айтты.

Анын айтымында, таксистке жарандык кийим кийген белгисиз кишилер келип, документин көрсөтүүнү талап кылышкан.

«Алар автоунаанын эшигин ачууну жана өздүгүн аныктаган документти көрсөтүүнү талап кылышкан. Албетте, айдоочу коркуп кеткен. Ал унаасын караңгы жерге токтоткон. Ага белгисиз адамдар басып келишкен, алардын бетин ал көргөн эмес», — деди Каримов.

Каримов ошондой эле рациядагы адиожазууну көрсөттү, анда таксист жардамга чакырып, «жөн тур» дегени угулат.

«Коркунуч сигналынын жазуусу боюнча милиция кызматкерлери өзүн тааныштырганы угулган жок. Биз айдоочубуз ага тийбей жайына коюуну өтүнүп жатканын уктук. Ал ошол учурда кыйкырып, элди жардамга чакырып жаткан», — деди ал.

Каримовдун айтымында, компаниянын эрежеси боюнча коркунуч баскычынын сигналына жакын жердеги таксисттердин баары барышы керек. Каримов мушташ болгон жерге ШИИБ кабарлагандай 200 эмес, 57 таксист барганын айтты.

Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Олжобай Казакбаев Kloop.kgге азыр тергөө изоляторунда эки гана таксист отурганын айтты.

«Азырынча анык эч нерсе айта албайм. Дыкат тергөө жүрүп жатат, эки тараптын тең пикири эске алынууда», — деди ал.

Казакбаев Таалайбеков милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбей коркунуч баскычын басып жибергенин айтты.

Казакбаевдин айтымында, окуя болгон жерге 200дөй таксист келген.

«Таксисттердин баары участкалык инспектор Нур Абдыкадыровго кол салып, […] ал табелдик тапанчасын колдонгон», — деди ал.

Милиция кызматкерлери менен «Жорго Такси» компаниясынын таксисттеринин ортосундагы мушташ 6-декабрдын түнүндө болгон. Мушташта кайгуул милициясынын эки кызматкери жана участкалык инспектор жабыркаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Таалайбеков, анын жүргүнчүсү Урмат Эркинбек улуу жана милиция кызматкерлери наркологиялык борборго экспертиза үчүн жеткирилген.

Экспертизанын жыйынтыгы Таалайбеков жургүнчүсү экөө наша чегишкенин көрсөткөн. Милиция кызматкерлеринин тести тескери натыйжа берген.