ШИИБ: Милиция кызматкерлери менен таксисттердин мушташы боюнча кылмыш иши козголду

«Көк-Жар» калктуу конушунда таксисттер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда жапырт мушташ чыкты. ШИИБ мушташта участкалык инспектор жана кайгуул милициясынын эки кызматкери жабыркаганын билдирди. Тесттин жыйынтыктары мушташкан таксисттер наша чегишкенин көрсөттү.

Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан «Көк-Жар» жаңы конушунун жанында 6-декабрда түн ичинде таксисттер менен милиция кызматкерлери мушташа кетишти. Мушташта участкалык инспектор жана кайгуул милициясынын эки кызматкери жабыркап, азыр дарыланып жатышат.

Бишкек ШИИБ түнкү саат 1:30да пландуу рейд маалында милиция кызматкерлери мамлекеттик номери жок, бирок «Жорго Таксинин» айырмалоочу белгилери бар автоунааны көрүшкөнүн билдирет.

ШИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казакбаев Kloop.kgге автоунаа милиция кызматкерлерине шектүү көрүнүп, алар айдоочунун документин текшермекчи болушканын айтты.

«Автоунаанын айдоочусу, 1990-жылы туулган Мирлан Таалайбеков, милиция кызматкерлеринин талабын аткарбастан, ага бирөө кол салгансып унаада жайгашкан "коркунуч" баскычын басып жиберген», — деди ал.

Казакбаев ошондон кийин ал жерге 200дөй таксист жетип барганын билдирди. Айдоочу таксисттерге аны милиция кызматкерлери сабап жатышканын айткан.

«Таксисттердин баары участкалык инспектор Нур Абдыкадыровго кол салып, […] ал өзүнүн табелдик тапанчасын колдонгон», — деди ал.

Казакбаевдин айтымында, участкалык инспектор абага эскертүү иретинде үч жолу ок атып, андан кийин айдоочулар тынчыган.

Окуя болгон жерге кайгуул милициясынын кызматкерлери келишкен. Участкалык инспектор тапанчасын алгандан кийин таксисттер аларды таш менен уруп салышкан.

«Ошол учурду пайдаланып, айдоочу Мирлан Таалайбеков өз автоунаасын башка айдоочуга өткөрүп берип, ал окуя болгон жерден качып кеткен», — деди ал.

Таалайбеков «Вечерний Бишкек» гезитине курган маегинде милиция кызматкерлери ага кол салышканын айтты.

Анын айтымында, ал «Жорго» таксисинде иштейт жана ал күнү «Көк-Жарга» досуна дары берип койгону келген. Ал эки белгисиз жарандык кийимчен киши анын жанына басып келип, күбөлүктөрүн тез көрсөтүп, тинте башташканын айтты.

«Мен сурап калдым: “Кечиресиз, байке, сизде ордер же тинтүүгө уруксат берген токтом барбы?” деп. Ушул сөзүм үчүн алар мени бөйрөккө ура башташты, жаактан ары муштап жиберишти. Мен "коркунуч" баскычын басайын дегенде алар менден телефонду тартып алууга аракет кылышты. Бирок мен ал баскычты басаарым менен мени кайра сабай башташты», — деди ал.

Таалайбеков ага жардам бергени эки гана автоунаа келгенин айтты.

«Менде мени сабашканы тууралуу бардык далилдер бар — рация баарын жазып алган. Башка жигиттер келип калганда кол салгандардын бири атам деп коркутуп, натыйжада тапанчадан беш жолу атты. Ал кишилерди көздөй атты», — деди Таалайбеков.

Тергөөнүн жүрүшүндө айдоочу Таалайбеков, жүргүнчү Урмат Эркинбек уулу жана милиция кызматкерлери наркологиялык диспансерге тесттен өтүш үчүн жеткирилген.

Тесттин үлгүлөрү таксинин айдоочусу Таалайбеков менен анын жүргүнчүсү Урмат Эркинбек уулу наша чеккенин көрсөттү. Милиция кызматкерлеринин тестинин үлгүлөрү терс натыйжа берди.

Октябрь районунун ИИБи «бийлик өкүлүнө зомбулук кылуу» жана «ээнбаштык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалган Таалайбеков Бишкек ШИИБинин убактылуу тергөө изоляторуна жайгаштырылды. Ал мурда уурулук үчүн соттолгон. Эркинбек уулу Урматка карата баңгизат чеккени үчүн административдик протокол түзүлдү.

Видео: «АКИпресс»