Укук коргоочу Азиза Абдирасулова аңдууда жүргөнүн билдирди

Абдирасулова өзүнүн жана башка укук коргоочулардын артынан күч органдарына байланышкан адамдар аңдып жүрүшкөнүн билдирди. Ал укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сотунда көрсөтмө берген соң кафеде түштөнүп жатканда аңдууну байкаган.

«Кылым Шамы» коомдук фондунун башчысы Азиза Абдирасулова адам укуктары боюнча конференцияда чыгып сүйлөгөн сөзүндө аны белгисиз адамдар акмалап, башка укук коргоочулар менен болгон кеп-сөзүн жазып алып жатышканын айтты.

Сөзүн айтып бүткөндөн кийин Абдирасулова эси ооп жыгылып, азыр ал ооруканада.

Азиза Абдирасулова укук коргоочу Азимжан Аскаровдун азыр сотто кайрадан каралып жаткан иши боюнча күбө болуп эсептелет.

 

ТЕМА БОЮНЧА: Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча алтынчы соттук отурумда укук коргоочу Азиза Абдирасулова көрсөтмө берди

Анын кызы Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, сот отурумдарынын бириндеги тыныгуу маалында процесстин бардык катышуучулары жакынкы кафеге түштөнгөнү барышкан, алардын арасында укук коргоочулар да болгон.

«Түштөнүп бүтүп, кеткенге камына баштаганда бирөөлөр залдын караңгы экенин байкап, терезенин пардасын тартып койду. Демократияны колдоо боюнча улуттук фонддун байкоочуларынын бири терезе текчеде кимдир-бирөөнүн телефону турганын көрдү», — деп билдирген Гүлшайыр Абдирасулова «Фергана» маалымат агенттигине курган маегинде.

Ал чөнтөк түзүмдөгү диктофон укук коргоочулардун 60 мүнөттүк сүйлөшкөн сөзүнүн баарын жазып алганын айткан.

Азиза Абдирасулованын өзүнүн айтуусуна караганда, ал ошол телефонду алып кеткен соң артынан белгисиз адамдар аңдый башташкан.

«Үйгө баратканыбызда артыбыздан автоунаа түшүп алды. Биз андан озуп кеттик. Бул биздин өлкөдө адам укуктары сакталбай тургандыгын көрсөтөт», — деп айткан ал «KNews» маалымат агенттигине.

Азиза Абдирасулованын кызы телефондун жадында укук коргоочулардын сүйлөшкөн сөзүнөн тышкары «айрым чоң кызматтагы кишилердин» сүйлөшкөн сөздөрү да бар болуп чыкканын кошумчалады.

«Аппараттын жадында жалаң атайын кызматтардын байланыштары болуп чыкты. Адамдын аты, иштеген жери жазылган, мисалы “Башкы прокуратура”, “10-бөлүм”, “5-бөлүм” жана телефондордун номерлери жүрөт», — деген Гүлшайыр Абдирасулова.

Ал телефон экспертизага берилгенин, анткени анын номерин жана кимге таандык экендигин билиш мүмкүн болбогонун кошумчалады.

Сүрөт: «Заноза»