Аскаровдун иши: Айыптоочу тарап иликтөө мыйзамды бузбастан жүргүзүлгөнүн айтып жатат

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча алтынчы отурумда сот укук коргоо органдарынын эки өкүлүн жана укук коргоочу Азиза Абдирасулованы суракка алды. Аскаровдун иши боюнча тергөө тобунун жетекчиси кыйноо колдонулбаганын жана «баары мыйзамдуу болгонун» айтты, ал эми укук коргоочу айым Аскаровду кыйнашкан деп айтууда.

Сот Аскаровдун иши боюнча тергөө тобунун жетекчиси Жылдызбек Исмаиловду сурады. Анын айтымында, ал укук коргоочунун иши боюнча бардык материалдарды карап чыгып, аны сотко чейин жеткирген.

Исмаилов Аскаров кыйноого алынган эмес, ал эми анын ишинде укук коргоочулар тарабынан мыйзам бузуу болгону аныктаган жок деди.

«Бул жерде эч кандай карама-каршылык жок, сиз айткан кыйноо жана мыйзамсыз кармоо фактылары иликтенген, мыйзам бузуу табылган жок. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин кыйноо болгон деген чечими тууралуу мен эч нерсе билбейм. Иш менин колума тийгенде баш коргоо чарасы тандалып калган болчу. Иликтөөнүн башынан тартып айып коюуга чейин баары мыйзамдуу болгон», - деди ал.

Экинчи күбө, Базар-Коргон РИИБнин тергөөчүсү Улугбек Жоробеков окуя болгон жерди кароо жана Аскаровдун үйүн тинтүү кандай жүргөнүн айтып берди.

Анын айтымында, окуя болгон жерден октор чогултулуп, экспертизага жөнөтүлгөн. Ал Аскаровдун үйүн тинтүүдө видеокассеталар жана китептер алынганын айтты.

Коргоочу тараптын күбөсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова Аскаров кыйноого алынганына «көзү жетип турганын», анткени тиешелүү издерди көргөнүн айтты. Ал Аскаровдун кармалышы анын укук коргоочулук ишине байланыштуу деген оюн билдирди.

Соттолуучунун адвокаты Валерьян Вахитов 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон июнь окуяларынын алгачкы эки күнүндө Азимжан Аскаров даярдаган фотосүрөттөр жана видеоматериалдар бар экенин сотко билдирди.

«Мен соттон аларды ишке тиркеп коюуну өтүнөм. Алар Аскаров улут аралык кастыкты козутушу, кыргыздарды өлтүрүүгө өзбектерди үндөшү мүмкүн эмес экенин далилдеп турат, анткени ал эки тараптан тең өлгөндөрдү жана жарадарларды тарткан. Ал тигилердин да, булардын да укуктарын коргогон», — деди адвокат.

Сот бул материалдарды тиркөө маселесин ачык калтырды. Сот Аскаровдун көрсөтмөлөрүн укмакчы болгон, бирок анын негизги адвокаты Нурбек Токтакунов ооруп калганына байланыштуу ишти кароо 22-ноябрга калтырылды.

Мурдагы отурумдар

Сот Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча буга чейин беш отурум өткөргөн.

Биринчи отурумда сот киши колдуу болгон Сулаймановдун жесиринин жана күбө болгон милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн укту. Алты күбөнүн үчөө Сулайманов курман болгондо Аскаров көпүрөдө болгон-болбогонун эстей албаганын айтышты.

Калган үч милиция кызматкери Аскаровду нааразылык акциясынын арасында көрүшкөнүн айтышты, бирок анын кебетеси кандай болгонун жана ал күнү эмне кылганын сүрөттөп бере алышкан жок. Алар анын «кыргыздарды өлтүрүүгө» үндөп жүргөнүн айтышты, бирок окуя кандай болгонун так айта алышкан жок, анткени 30 метрден 150 метрге чейинки аралыкта турушкан.

Аскаров милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсүн калп деп билдирди. Анын айтымында, ал укук коргоочу болуп иштеп жүргөндө алардын мыйзам бузган иштерин иликтеген жана күбө катары өтүп жаткан милиция кызматкерлеринин бирөөнө каршы кылмыш иши козголгон.

Сот экинчи отурумда алты күбөнүн — Базар-Коргондун акиминин, Базар-Коргондун прокурорунун, Улуттук коопсуздук кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысынын жана УКМКнын эки кызматкеринин — көрсөтмөлөрүн укту. Ошондой эле Аскаров кармалгандан кийин аны менен кошо УКИде кошо отурган камералашы да көрсөтмө берди.

Прокурор көпүрөдө болбогонун жана Аскаровду көрбөгөнүн айтты. Өз көрсөтмөлөрүндө ал укук коргоочуну кимдир-бирөөлөр кыйнаганы тууралуу маалыматты четке какты.

Аким жана УКМК өкүлдөрү Аскаровду көргөнүн айтышты, бирок ал ошол жакта эмне кылып жүргөнүн сүрөттөп бере алышкан жок. Аскаровдун камералашы камерада Аскаровду сабап салганын айтты.

Аскаров болсо анын көпүрөдө болгону тууралуу көрсөтмөлөр калп экенин айтты.

Үчүнчү отурумда сот айыптоочу тараптын эки күбөсү — 2010-жылы Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары болуп турган Жамиля Туражанованын жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп турган Орозбек Бердибаевдин — көрсөтмөлөрүн укту.

Туражанова Мыктыбек Сулаймановдун денеси кантип табылганын жана Азимжан Аскаровдун кармалышы менен сурагы кандай өткөнүн айтып берди.

Коргоочу тарап Аскаровдун укуктары бузулганын, ага адвокат өз убагында берилбегенин далилдеш үчүн анын качан камакка алынганын билгенге аракет кылды.

Аскаров ошондой эле аны кыйноого алышканы тууралуу көрсөтмө берди, бирок коргоочу тараптын күбөлөрү анын айтканын четке кагышты.

Төртүнчү отурумда Аскаров менен кошо соттолгон камактагылар суракка алынып, өмүрүнө коркунуч келип жаткандыктан «көрсөтмө берүүдөн коркуп жатышканын» сотко айтышты. Алар ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан кыйноо болгонун айтып арызданышты.

Күбөлөрдүн баары башаламандык болгон күнү көпүрөдө болушпаганын жана ал жактан Аскаровду көрүшпөгөнүн айтышты.

Бешинчи отурумда коргоочу тараптын бардык күбөлөрү — Аскаровдун кошуналары жана туугандыгы бар аял — жергиликтүү тургундар көпүрөдө кагылышып жатканда жана милиция кызматкери өлтүрүлүп жаткан маалда аны «үйдүн жанынан көрүшкөнүн» айтышты. Алар 2010-жылы көрсөтмө бергиси келишкен эмес, анткени аларга «кысым көрсөтүлгөн».

Аскаров өзү ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген.

Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген.

Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан.

Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз».

Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашкан.

Соавтор: Александра Ли

Соттук отурумдан тексттик трансляция