Криштиану Роналду төртүнчү жолу «Алтын топтун» ээси болду

France Football басылмасынын версиясы боюнча 2016-жылы Европанын эң мыкты оюнчусу болуп Криштиану Роналду таанылды. Андан кийинки орундарда Лионель Месси жана Антуан Гризманн турат.

Криштиану Роналду эң көп 745 добуш алды да, экинчи орунга 316 добушу менен чыккан Лионель Мессиден ашып түштү.

Үчүнчү орунга 178 добуш алып, «Атлетиконун» чабуулчусу Антуан Гризманн чыкты. Беш мыкты оюнчунун катарына каталониялык «Барселонанын» эки оюнчусу Неймар менен Луис Суарес да кирди.

Роналду өз клубу менен кошо азыр дүйнө чемпионаты болуп жаткан Жапонияда жүргөнүнө карабастан, сыйлыкты уюштуруучулардын өз колунан алууга жетишти. Сыйлык тапшыруу аземин уюштуруучулар алдын-ала видеого тартып алышкан.

2016-жылы Роналду Европадагы эки эң чоң сыйлык утуп алды. Мадрид «Реалы» менен кошо ал Чемпиондор лигасында жеңип чыгып, ал эми Португалиянын курама командасы менен бирге Европа чемпионатында сенсациялуу жеңишке жетишти.

Анын эң жакын жолдоочусу жана түбөлүк атаандашы Лионель Месси да 2016-жылы эки сыйлык утуп алды, бирок алар чаканыраак. «Барселонанын» курамында ал Испаниянын чемпионатын жана өлкөнүн кубогун утуп алды.

Роналдунун «Алтын топту» алышына жолтоо болууга Антуанн Гризманндын шансы бар болчу. Криштиану Роналдуга каршы француз оюнчусу эки негизги европалык финалда ойногон, бирок эки жолу тең утулуп калган.

Май айында Гризманндын «Атлетико Мадрид» клубу «Реалга» Чемпиондор лигасынын финалында утулуп калган, ал эми жайында Франциянын курама командасы Европа чемпионатында португалиялыктарга жеңилип калды.

2010-жылдан 2015-жылга чейин «Алтын топ» France Football менен бирге ФИФА тарабынан ыйгарылып турчу. 2016-жылдын сентябрында Эл аралык футбол федерациясы француз журналы менен кызматташтыгын токтоткону маалым болду.

Мындан ары эки сыйлык берилет, алар 2010-жылга чейинкидей эле өзүнчө-өзүнчө берилет.

Эрежелерге ылайык, France Football журналынын версиясы боюнча 2016-жылдын эң мыкты оюнчусун аныкташ үчүн бүт дүйнөнүн журналисттери добуш беришти.

Роналду үчүн бул төртүнчү топ. Португалиялык оюнчу France Football журналынын бул абройлуу сыйлыгын 2008, 2013 жана 2014-жылы да алган.

ФИФАнын версиясы боюнча 2016-жылдын эң мыкты оюнчусуна сыйлык тапшыруу салтанаты 9-январда болот. Ал салтанатта ошондой эле өтүп бараткан жылдын эң мыкты машыктыруучусу, футболчу кызы жана голу да аныкталат. Эрежелерге ылайык, эң мыкты оюнчулар жана машыктыруучулар үчүн бүт дүйнөнүн футболчулары жана машыктыруучулары добуш беришет.