Сочи бобслей боюнча дүйнө чемпионатынан кол жууду

Бобслей менен скелетондун эл аралык федерациясы (IBSF) Орусиянын Сочи шаарын кийинки жылы бобслей жана скелетон боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алуу укугунан ажыратты.

Федерациянын билдирүүсүндө айтылгандай, «татаал учурду» жана «Орусияда түзүлгөн климатты» эске алып, учурда Сочиде дүйнө чемпионатын өткөрүү мүмкүн эмес.

«Дооматтар менен талаштар канчалык негиздүү экенине карабастан, [IBSF] спортчулар менен машыктыруучулар аларга эмес, спортко кунт коюуга мүмкүнчүлүгү болушун [каалайт]», — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө допинг жаңжалы тууралуу кеп болбосо да, чемпионаттын ордун которуу дал ошону менен байланышканы көрүнүп эле турат.

IBSFтин чечими орусиялык спортчулар допинг колдонгону тууралуу изилдөөчү Ричард Макларендин баяндамасынын экинчи бөлүгү Лондондо ачыкка чыккан соң төрт күндөн кийин айтылды.

Баяндамада орусиялык спортчулардын допинг колдонушунун иштелип чыккан жана мамлекет колдогон системасына далилдер келтирилген.

Макларен келтирген маалматтарга ылайык, 2011-жылдан 1015-жылга чейин орусиялыктар миңден ашык допинг-үлгүлөрдү алмаштырып коюшкан.

Башкалары менен катар, баяндамада Сочидеги Кышкы Олимпиадада алтын медаль утуп алган эки орусиялык спортчу допинг менен кармалганы айтылат.

Ал спортчулардын аттары аталбаса дагы Орусиянин бир катар ЖМКлары алардын бобслейчи болгонун божомолдошту.

Орусия тарап азырынча бобслей боюнча дүйнө чемпионатынын ордун которуу боюнча эч нерсе билдире элек.

Турнирдин жаңы орду жакын арада билинет.

Cүрөт: U.S. Army IMCOM, Flickr