0,01 секундага батыраак: Рубиктин кубун чогултуу рекорду жаңырды

Рубиктин кубун чогултуунун дүйнөлүк рекордун австралиялык студент Феликс Земдегс жаңыртты. Ал кубду 4,73 секунд ичинде чогулта койду, бул мурунку рекорддон 0,01 секундага тезирээк.

Рубиктин кубун чогултуунун жаңы рекорду 20 жаштагы австралиялык Феликс Земдегсге таандык, ал эң популярдуу оюнчукту 4,73 секунд ичинде чогултууга жетишти.

Мурдагы чемпион — 20 жаштагы голландиялык Матс Валк да мелдешке катышып, Феликс менен ийиндеш отурган.

Кубду чогултуу видеого тартылды — бирок ал австралиялыктын колунун өтө эле тез кыймылын араң тартып жатты.

2010-жылы Феликс Земдегс 3x3x3 жана 4x4x4 өлчөмүндөгү Рубиктин кубдарын чогулткан. Ал тапшырманы 9,21 жана 42,01 секундалар ичинде аткарып, алгачкы дүйнөлүк рекордун койгон.

Феликстин эсебинде 40тан ашуун дүйнөлүк рекорддор бар — ал Рубиктин кубун чогултуу боюнча мелдештерге 12 жашынан бери катышып келет.

Рубиктин кубу — дүйнөдө эң популярдуу оюнчук болуп эсептелген механикалык баш катырма. Кубду скульптор жана архитектура боюнча окутуучу Эрнё Рубик 1975-жылы ойлоп тапкан.

Сүрөт: ABC News