Табып Зайналиев адамдарды мыйзамсыз дарылоосун улантып жатат

Клиникасынын жабылышын күткөн Хашим Зайналиев адамдарды мыйзамсыз дарылоосун улантып жатат. Ал тургай, табып дарыгерлер менен онлайн-режимде кеңешип, «Фейсбукта» өз практикасындагы «бөтөнчө» учурлар көрсөтүлгөн видеону жарыялоодо. Табыптын бейтаптары клиниканы жаппагыла деген өтүнүч менен президентке жана парламент депутаттарына видео аркылуу кайрылышууда.

Хашим Зайналиевдин колунан дарыланып жүргөн бейтап аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлөт. Анын клиникасы жабылууга тийиш, бирок ага имараттын ижара келишими соңуна чыкканы гана себепчи. Саламаттык сактоо министрлиги жана ИИМ клиниканы жаап, бейтаптарды күчкө салып алып чыга албай жатышат.

Табып «Фэйсбукта» өз практикасындагы «бөтөнчө» учурларды жана өз бейтаптарынын видео кайрылууларын жарыялоодо. Алар президентке жана депутаттарга кайрылып, табыптын клиникасын жаппагыла деп өтүнүп жатышат.

Зайналиев «Фейсбукта» ачык медициналык топко кирип, ал топтогу нукура дарыгерлердин жинине тийди.

«KG ВРАЧИ — сообщество работников здравоохранения Кыргызстана» медициналык тобундагы дарыгерлер менен табып өз практикасындагы «бөтөнчө» учурун бөлүшүп, эки видео жарыялады. Биринчисинде алты литр заара, экинчисинде анын клиникасында дарыланган бейтап аял тартылган. Зайналиевдин айтымында, бейтап аялдын табарсыгында ушунча заара болгон.

«Урматтуу дарыгерлер! Бүгүн биздин клиникада бөтөнчө окуя болду. Биз менде дарыланган бейтап аялдын табарсыгынан заара түтүгү аркылуу 6 литр заара алып чыктык. Табарсыкка ушунча заара батышы мүмкүнбү?» — деп жазат ал видеонун алдында.

Зайналиев медицина адистеринен анын колунан дарыланган бейтап аялга жардам берүүнү өтүнгөн.

Жалпыга таандык «KG ВРАЧИ» тобунда эки башка пикир пайда болду. Бирөөлөрү табыпты топтон чыгарып салууну талап кылышса, башкалары бейтап аялдын оорусун билгенге аракет кылышты.

Табыпка жардам бергиси келгендер мындай учурлар «энелик бездин өсмөсүнөн» эмес, кылдат иликтей турган башка дарт белгисинен келип чыгаарын ага түшүндүрүштү.

Зайналиевди сындагандар анын «дарылоосун» фашисттик Освенцим концлагериндеги эксперименттер менен салыштырып, ал мыйзам алдында дагы эле жооп бере электигине ачууланышты.

Табып жана мыйзам

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Елена Баялинова Kloop.kgге Зайналиевдин клиникасын жабуу аракети бейтаптардын айынан ишке ашпай калганын айтты.

«Бул жөнөкөй иш эмес, ал министрликке баш ийбейт да, андыктан анын клиникасын биз жаап сала албайбыз. Бул иш менен укук коргоо органдары алектенип жүрүшөт, бирок аларга деле бул үчүн жабыркаган бейтаптардын арыздары керек», — деди ал.

Кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн табыптын клиникасын жабуу боюнча ийгиликсиз аракеттен кийин дароо эле Саламаттык сактоо министрлиги жакшы менчик клиниканы кантип аныктаса болоорун түшүндүргөн билдирүү тараткан.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев бейтаптар мыйзамды аткарууга жолтоо болуп жатышканын моюнга алды.

«Анда негизинен өсмөнүн акыркы стадиясындагы оорулуулар дарыланат да. Алар ага ишенгени үчүн арыз жазышпайт. Биз анын клиникасын күчкө салып жапканы деле барганбыз. Бирок онкологиялык оорулар клиниканы жаптырбай коюшту, аларды күчкө салып алып чыккан анча жакшы болбой калмак», — деди ал.

Осмонбаевдин айтымында, Көк-Жарда Зайналиевдин клиникасына үйүн ижарага берген имарат ээси аны менен келишимден баш тартты.

«Ушул айдын ичинде клиника жабылат, анткени алар имаратты бошотушу керек. Ага эми башкалар деле имаратын жалдата коюшпаса керек, анын ким экенин баары эле билет да», — деди ал.

Зайналиевге каршы кылмыш иши козголгон, жакында ал сотко өткөрүлүп берилет.

«Анын колунан дарыланып жүргөн бейтап аял операция учурунда өлүп калган да. Бул иш бүткөн жок, улантылып жатат. Жакында иш сотко өткөрүлүп берилет», — деди Осмонбаев.

Өзүнүн бөтөнчө дарылоо ыкмалары менен белгилүү табып Хашим Зайналиевдин клиникасы 1-январда жабылат.

Быйыл июлда Зайналиев өзүндө дарыланган бейтап аялдын көкүрөк безин наркозу жок кесип таштаган. Ал аял операция бөлмөсүндө кайтыш болгон. ЖМКлар табып бейтап аялдардын жатынына ийне сайганын жазышкан — андагы эритменин курамы белгисиз.

Мындан тышкары, табып медициналык ишмердүүлүккө уруксат берген лицензиясы жок иштеп келген. Анын тиешелүү билими да жок.