Бишкек мэриясы Ош базарынан арам өлгөн малдын этин тапкан жок

Бишкектин жетекчилиги Ош базарын текшерип чыгып, сапатсыз эт тапкан жок. Буга чейин вице-премьер-министр эт саткан жерлерде рейд өткөрүүнү жана арам өлгөн малдын этин сатууга күнөөкөр аткаминерлерди табууну тапшырган.

Мэрия Бишкектин Ленин районунун администрация жана милиция кызматкерлери 21-декабрга караган түнү Ош базарынын эт саткан жерлеринде чогуу рейд өткөрүшкөнүн кабарлады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаардык бийлик өкүлдөрү соода түйүндөрүндө сапатсыз эт табышкан жок. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, сатуучулардын баарында эт тапшырууга жана сатууга уруксат берген документтери бар.

«Рейддин жүрүшүндө санитардык эреже бузуу, ошондой эле сапатсыз эт өндүрүмүн мыйзамсыз сатуу катталган жок», — деп кабарлайт мэрия.

Бишкектин бийлик өкүлдөрү эт сөзсүз жергиликтүү лабораторияда текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана сатыкка коюлаарын билдиришти. Сапатсыз өнүм табылган учурда ал таштандыга жөнөтүлөт.

Өз кезегинде милиция Ош базарына эт тапшырган «Акиф» ишканасынын кызматкерлерин сурап чыкты. Компаниянын кызматкерлери сапатсыз эт сатылган бир да учурду байкабаганын айтышты.

«Кызматкерлердин баарынан мыйзамсыз сатууга жол берилбестиги тууралуу түшүнүк кат алынды, мындан тышкары баары Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жоопкерчилик тууралуу эскертилди», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Бишкектин Мамсанэпидкөзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев 24.kg маалымат агенттигине алар бир жыл ичинде санитариясыз абал үчүн бир гана колбаса цехине штраф салышканын айтты.

Анын айтымында, Мамсанэпидкөзөмөл эт иштете турган цехтерди жылына бир жолу гана текшере алат, ошондо да бул кызмат ишкерлерди текшерүүгө 10 күн калганда эскертиши керек.

«2007-жылга чейин биз күтүүсүз текшерүү уюштурууга укугубуз бар болчу. Азыр 10 күн мурун эскертишибиз керек. Ал арада ишкер эреже бузган жактарын жаап-жашырып койгонго жетишет. Пландан тышкары арыз боюнча гана текшере алабыз, быйыл колбаса цехтери тууралуу андай арыз түшкөн эмес», — деди ал.

Санитардык эрежелерди бузгандарга салына турган эң чоң штраф эки миң сомдон ашпайт, азыр штрафты беш миң сомго чейин көтөрүү боюнча сунуш түшүп жатат.

Сапатсыз эт

Текшерүү КТРКда арам өлгөн малдын эти сатылган жерлер тууралуу сюжет чыгып, андан кийин вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тиешелүү тапшырма бергенден кийин башталды.

КТРКнын сюжетинен кийин Ош базарындагы эт саткан жерлер акыркы жумада эки сыйра текшерилди.

Репортажда журналисттер Ош базарында арам өлгөн малдын эти туш келди сатылып жатканын, аны арзан баасына карап колбаса цехтери сатып алып жатышканын кабарлашкан.

Сюжет чыккандан кийин вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Бишкектин бийлик өкүлдөрүн Ош базарында рейд өткөрүп жооптуу аткаминерлерди жазага тартууга чакырган.

«Кол алдындагылардын жоругун жаап-жашырса тиешелүү жетекчилер керт башы менен жооп беришет. Коомчулук мындай кечиримсиз көрүнүш үчүн ким жазага тартылганын билиши керек», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:


ИИМ арам өлгөн малдын этин сатууга күнөөлүү аткаминерлерди издейт