Жалал-Абад: Үч айыл тургуну каза тапкан баптист аялдын сөөгүн кордогону үчүн айыпталууда

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун соту баптист аялды жергиликтүү көрүстөнгө коюуга жолтоо кылуу боюнча ишти 22-декабрда териштире баштайт. Жергиликтүү тургундардын нааразылыгынан улам аялдын денесин бир нече жолу жерге берүүгө туура келген.

Жалал-Абад облусунун ИИБнин өкүлү Мыктыбек Турубаев Kloop.kgге баптист аялдын сөөгүн коюуга жолтоо болууга байланыштуу иш боюнча баарынан катуу каршылык көрсөткөн үч киши өтүп жатканын айтты.

«Иш маркумдун кызынын арызы жок эле, сөөктү кордоо боюнча козголгон. Фамилияларын атай албайм, бирок иш боюнча үч киши өтүп жатат», — деди ал.

Анын айтымында, айылдыктарга Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «маркумдун сөөгүн жана алар көмулгөн жерди кор кылуу» беренеси боюнча айып коюлуп жатат.

Турубаев иштин материалдары сотко өткөрүлгөнүн, 22-декабрда иш карала баштай тургандыгын айтты. Эгерде айылдыктар күнөөкөр деп табылса, алар 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев соттук териштирүү башталаарын ырастады, бирок жагдайга комментарий берүүдөн баш тартты.

Дини үчүн кайра көмүү

76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн кайра көмүү боюнча маселе октябрда башталган, анда маркумдун айылдаштары анын сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө коюуга кызына жол бербей коюшкан.

Жергиликтүү тургундардын кыжыры келишине Сатыбалдиеванын дини себеп болгон — ал тирүүсүндө христиан-баптист динин карманган, андыктан жергиликтүү тургундар анын сөөгүн мусулман көрүстөнүнө коюуга тыюу салышкан.

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева энесин жергиликтүү көрүстөнгө коюуга уруксат сурап акимиат менен жергиликтүү мамлекеттик органдарга кайрылып бир нече күн өткөргөн.

Жергиликтүү тургундар энесине боору ачып, уруксат бериши үчүн Азаева бир тууганы экөө жергиликтүү имамдардын талабы менен айылдаштарынын көзүнчө ислам динин кабыл алышкан.

Ошого карабастан алардын энесин жергиликтүү көрүстөнгө койдурбай коюшкан.

Маркумдун сөөгү үчүн бир жыл мурун башка баптист көмүлгөн коңшулаш Өрүктү айылындагы көрүстөндөн жер бөлүп беришкен. Бирок бул айылдын тургундары да Сатыбалдиеванын сөөгүн көмүүгө тыюу салып, ал коңшулаш Сары-Булак айылында христиан көрүстөнүндө жерге берилген. Бирок ошол эле күнү анын сөөгү христиандардын талабы менен үчүнчү жолу элге айтылбай башка жакта көмүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: