Акыйкатчы: Баптист аялдын сөөгүн кайра каздыргандар жазаланышы керек

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы баптист аял Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүнүн кайра көмүлүшүнө күнөөкөр адамдар жазасын алышы керек экенин билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү тургундардын жана мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн аракеттери — адам укуктарын бузуу.

Оторбаев Kloop.kgге Конституция дин эркиндигине кепилдик бергендиктен, Жалал-Абаддагы баптист аял Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүнүн кайра-кайра көмүлүшү адамдын укуктарын жана эркиндигин бузуу деп билдирди.

Ал ошондой эле Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын укук коргоо органдары жоопко тартышы керек экенин кошумчалады.

«Мыйзам боюнча көрүстөндө орун бөлүп берүү өз алдынча башкаруу (ӨАБ) органдарынын ыйгарым укуктарына кирет. Бул маселени айыл өкмөтү же жергиликтүү райондук администрация чечиши керек болчу. Бирок тыштан келген адамдар же жергиликтүү молдолор эмес. Маркумдун сөөгүн кайра каздырып башка жакка көмүүгө мажбур кылуу кылмыш жообуна тартыла турган аракет болуп эсептелет», — деди ал.

Акыйкатчынын сайтында Сатыбалдиеванын сөөгүнүн экинчи жолу казылып алынышына жол берген милиция кызматкерлери да жоопко тартылышы керек экени айтылат. Мекеме ушундай талап менен Башкы прокуратурага кат жиберди.

Оторбаевдин айтымында, Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмү «сөөктү кордоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Азыр иш боюнча жергиликтүү тургундар арасында шектүүлөрдүн тобу бар», — деди Оторбаев.

Ал бул кылмыш үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланышы мүмкүн экенин айтты.

Акыйкатчы мындан тышкары ал башкарган мекемеден Ала-Бука районуна «абалды изилдеш үчүн» бир нече кызматкер жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

«Биздин маалымат боюнча, маркумдун сөөгүн андан ары кор кыла бербеш үчүн, УКМК, ИИМ кызматкерлери жана жергиликтүү администрация биригип сөөктү башка жерге көмүү тууралуу чечим кабыл алышкан», — деди ал.

Диндин айынан кайра көмүү

Сары-Талаа айылында Ала-Бука районундагы 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн анын айылдаштары жергиликтүү көрүстөнгө көмдүрбөй коюшкан. Алар жергиликтүү мусулман көрүстөнүндө христиан-баптист дининин өкүлүн көмүүгө болбой тургандыгын жүйө келтиришкен.

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева жергиликтүү бийликке жана депутаттарга кайрылып, бир нече күн бою энесинин сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө коюуга уруксат алууга аракет кылган.

Жергиликтүү имамдардын талабы менен Азаева жана анын бир тууганы айылдаштарынын көзүнчө ислам динин кабыл алышкан, бирок алардын энесин жергиликтүү көрүстөнгө коюуга баары бир уруксат беришкен эмес.

Анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маркум үчүн коңшулаш Өрүктү айылындагы көрүстөндөн орун таап беришкен, ал жакта бир жыл мурун баптисттердин башка бир өкүлү көмүлгөн болчу. Бирок сөөк коюлган соң ал айылдын тургундары да нааразылыкка чыгып, Сатыбалдиеванын сөөгү христиан көрүстөнү бар коңшулаш Сары-Булак айылына коюлган.

Облустун жетекчисинин айтымында, христиандар сөөктү башка жакка көмүүнү талап кылышып, аялдын сөөгү үчүнчү жолу көмүлүп, каякка коюлганы айтылган эмес.

Маркумдун кызынын айтымында, ал энесинин сөөгү кайсы жерге коюлганын билбейт. Анын сөзү боюнча, маркумдун үй-бүлөсү сөөктү үчүнчү жолу казып алып кайра көмүүгө уруксат берген эмес.