Кайра көмүлгөн баптист аялдын кызы акимге каршы иш козгоону талап кылууда

Ала-Бука райондук сотунда баптист аялдын сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө койдурбай койгондордун иши боюнча териштирүү башталды. Маркумдун кызы сөөктүн кордолушуна иш козголгон үч айыл тургуну эмес, жергиликтүү аким жана имам күнөөлүү деп эсептейт.

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева энесинин сөөгүн кор кылууга айып коюлган адамдар эмес, жергиликтүү аким Сонунбек Акпаралиев жана имам Шумкарбек Чыналиев күнөөлүү деп эсептейт.

Азаеванын пикиринде, анын энесинин сөөгүн мүрзөдөн казып чыккан жигиттерди «акчага же аракка» жалдап алгандар болушу мүмкүн.

«Эгерде жоопко тартылгандардын арасында аксакалдар, улуураак кишилер болсо макул болот элек. Тергөө негизги уюштуруучулардын жоопкерчилигин караган жок. Мүрзө алты күрөк менен казылган. Бирөө – Сейдакмат, “Канымбүбү” көрүстөнүнүн кароолчусу. Бирок аны жоопко тартышкан жок», — деди ал.

Маркумдун жакындары прокуратурага арыз менен кайрылып, жергиликтүү акимди жана райондун имамын жоопко тартууну талап кылышкан.

Азаева өзү үстүнөн арызданган адамдар эми туугандары аркылуу андан арызын кайра алууну өтүнүп жатышканын айтты.

«Райондун имамы жана айылдык молдо тууганыбыз Нуралини чакырып алып элдешүүнү сунуш кылышыптыр. Алар аким бизди бир аз коркутуп койгула деп айтканын айтып жатышат. Бирок андан бери имам да, молдо да үйгө келишкен жок. Мени Ала-Буканын айыл өкмөтүнө чакырышты, бирок мен барган жокмун. Адегенде энемдин атын актап, мурунку ордуна көмүшсүн, ошондон кийин гана мен аларга бир нерсе деп жооп берем», — деди ал.

Райондун имамы Шумкарбек Чыналиев «Азаттык» үналгысы менен болгон маекте бул маалыматты төгүнгө чыгарды.

Маркумдун сөөгүн кор кылуу

Жалал-Абад облусунун ИИБнин басма сөз борборунун кызматкери Самара Кызырованын айтканына караганда, иш боюнча маркум баптист аялдын беш айылдашы айыпталуучу катары өтүп жатышат. Сотто айып үчөөнө гана коюлат, анткени калган экөө издөөдө жүрөт.

«Үч кишиге каршы иш козголгон, экөө издөөдө […] азыр милиция кызматкерлери аларды издеп жүрүшөт, аларга каршы иш азырынча козголо элек», — деди ал Kloop.kgге.

Алар Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 263 «Маркумдардын сөөгүн жана алар көмүлгөн жайларды кор кылуу» беренеси боюнча айыпталууда.

Сары-Талаа айылында 76 жаштагы Сатыбалдиеванын сөөгүн бир нече жолу казып, кайра көмүү тууралуу иш боюнча Ала-Бука райондук сотунун биринчи отуруму 22-декабрга дайындалган.

Дини үчүн кайра көмүү

76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын кайра көмүлүшү боюнча жаңжал 2016-жылдын октябрында башталган. Ага Сары-Талаа айылындагы мусулман көрүстөнүнө анын денесин жергиликтүү тургундар көмдүрбөй койгону себеп болгон.

Жергиликтүү тургундардын кыжыры келишине Сатыбалдиеванын дини түрткү болгон — ал тирүүсүндө христиан-баптист динин карманган.

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева энесин жергиликтүү көрүстөнгө коюуга уруксат сурап акимиат менен жергиликтүү мамлекеттик органдарга кайрылып бир нече күн жүргөн.

Жергиликтүү тургундар энесине боору ачып, уруксат бериши үчүн Азаева бир тууганы экөө жергиликтүү имамдардын талабы менен айылдаштарынын көзүнчө ислам динин кабыл алышкан. Ошого карабастан, алардын энесин жергиликтүү көрүстөнгө койдурбай коюшкан.

Маркумдун сөөгү үчүн бир жыл мурун башка баптист көмүлгөн коңшулаш Өрүктү айылындагы көрүстөндөн жер бөлүп беришкен.

Бирок ал айылдын тургундары да Сатыбалдиеванын сөөгүн көмүүгө тыюу салып, ал коңшулаш Сары-Булак айылында христиан көрүстөнүндө жерге берилген. Бирок ошол эле күнү анын сөөгү христиандардын талабы менен үчүнчү жолу элге айтылбай башка жакта көмүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: