Берлиндеги жармаңкеге кол салды деп шек саналган киши Миланда атып өлтүрүлдү

Берлиндеги жаңы жылдык жармаңкеге кол салды деп шек саналган тунистик Анис Амри Миландын четинде атып өлтүрүлдү.

Берлиндеги базарга кол салуу боюнча шектүү катары эсептелген тунистик Анис Амри 23-декабрда Италиянын Милан шаарынын четинде атып өлтүрүлгөнүн «Рейтер» маалымат агенттиги кабарлады.

Атышуу убагында ал «Аллах акбар» деп кыйкырып, полиция офицерлеринин бирин ийинге атып жарадар кылган. Атышуу Миландын четиндеги Биринчи май аянтында темир жол станциясынын жанында 23-декабрга караган түнү болгон.

Амри болжолдуу коркунуч туудурган адамдардын тизмесине кирген, анткени Берлиндеги террордук аракетке шектүү киши катары эсептелген — жаңы жылдык жармаңкеге жүк ташуучу автоунаа тебелеп кирип баргандын кесепетинен улам 12 киши курман болуп, дагы 48 адам ар кандай жаракат алышкан.

Террордук аракетке шектүү

Берлиндин жетекчилиги 24 жаштагы Анис Амриге бүт Евробиримдик боюнча издөө жарыялап, анын турган жери тууралуу маалымат үчүн 100 миң евро төлөөгө убада берген.

Берлин полициясы аны камакка алууга ордер жазып берген. Ошондо да Германиянын ИИМи Амри — «сөзсүз эле кылмышкер болуп чыкпай турган шектүү» экенин билдирген.

Немистердин Spiegel басылмасы жаңы жылдык жарманкеде элди тебелеткен жүк ташуучу автоунаада Амринин жумушчу күбөлүгү табылгандыктан ал шектүү катары карала баштаганын кабарлады.

Жаңы жылдык жармаңкедеги трагедия

19-декабрда түнгө маал Батыш Берлиндин киши көп борборундагы Брайтшайдплатц аянтында жайгашкан жаңы жылдык жармаңкеге жүк ташуучу унаа элди тебелеп кирип барган.

Германиянын бийлик өкүлдөрү жаңы жылдык базарга коюлган чабуулду террордук аракет деп аташты. Жүк ташуучу автоунаада эркек кишинин өлүгү табылган. Германиянын ИИМинин маалыматы боюнча, жүк ташуучу автоунаа элди тебелеп кирип барганга чейин айдоочу атып өлтүрүлгөн.

Курман болгон айдоочу польшалык жүк ташуучу компаниянын кызматчысы болуп чыкты. Компания аны менен байланыш саат 16.00дө жоголгонун кабарлады. Алдын-ала маалыматтарга караганда, жүк ташуучу автоунаа айдоочусу менен кошо уурдалып, аны террордук чабуулга чейин эле атып салышкан.

Азырынча жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу террордук чабуулдун бирден-бир так таанылган курмандыгы болуп турат.

Полициянын версиясы боюнча, Лукаш Урбан адегенде бычак тийип, бирок ошого карабай элди тебелетүүгө каршылык көрсөткөн соң окко учкан.

Жаңы жылдык жармаңкеге кол салуунун натыйжасында 12 киши курман болгон — алар эмгиче өздүгү аныктала элек. 48 киши жарадар болгон, алардын көпчүлүгү оор жаракат алган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Германия: Жаңы жылдык базарга кол салуу боюнча иште жаңы шектүү пайда болду