АКШ 35 орусиялык дипломатты үч сутка ичинде өлкөдөн чыгарат

АКШ Орусияны Америкадагы шайлоого таасир этүү аракетин максат кылган киберчабуул боюнча күнөөлөп жатат. Бул Орусияга, атап айтканда ФКК менен НЧБга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө себеп болууда. Болжол менен 35 орус дипломатына АКШнын аймагынан 72 саат ичинде чыгып кетүүгө буйрук берилди.

Орусияга каршы жаңы санкциялардын киргизилгени тууралуу АКШнын Финмини кабарлады. Санкцияларга Негизги чалгындоо башкармалыгы (НЧБ) жана Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) сыяктуу атайын кызматтар, ошондой эле ЦОР Security, «Информатика система конструкторлорунун кесипкөй бирикмеси» өз алдынча коммерциялык эмес уюму жана «Атайын технологиялык борбор» сыяктуу уюмдар туш болду.

Президент Барак Обама сөз болуп жаткан үч компания НЧБнын АКШга каршы киберчабуулун материалдык жактан камсыз кылып турган деп эсептейт.

Орусиянын киберчабуулдарга тиешеси бар экенин далилдеш үчүн АКШ орусиялык хакерлер тууралуу кеңири баяндаманы жарыкка чыгарды.

Мындан тышкары, Вашингтон эки «дипломатиялык дачаны» — Мэриленд менен Нью-Йорктогу оурс дипломаттарынын эс алуу жайларын жапты. АКШнын бийлигинин пикиринде, иш жүзүндө ал эс алуу жайларында чалгындоо маалыматтары алмашылып турган.

Обама АКШда Орусиянын бир катар өкүлчүлүктөрүнүн ишин токтоткон, 35 дипломатка өлкөдөн үч сутка ичинде чыгып кетүүгө буйрук берген жарлык чыгарды.

Мындан тышкары, «орусиялык хакерлер» Алексей Белан менен Евгений Богачовга каршы санкциялар киргизилди. Федералдык иликтөө бюросу аларга эл аралык издөө жарыялады, алар алдамчылык, компьютерлерди бузгандыгы жана жеке маалыматтарды уурдагандыгы боюнча айыпталууда.

ТЕМА БОЮНЧА:


Орусия АКШга каршы жооп иретиндеги санкцияларды даярдоодо