Арам өлгөн малдын этин сатууга чара көрбөгөнү үчүн милицонерлерге иш козголду

Башкы прокуратура Ош базарында арам өлгөн малдын этин сатуу боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Алардын бири — сапатсыз эттин сатылышы жүрүп жаткан кезде эч кандай чара көрбөгөн милиционерлерге карата ачылган.

Бишкектеги Ош базарында арам өлгөн мал этинин сатылышы боюнча эки кылмыш иши ачылып, алардын бири Ленин райондук милиционерлерине каршы козголгон.

Башкы прокуратуранын басма сөз борборунан кабарлашкандай, биринчи иш Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» жана «Мыйзамсыз ишкердик» беренелери боюнча козголсо, ал эми экинчиси «Кызматтык абалын кыянат пайдаланганы» боюнча Ленин райондук ИИБнин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлерине карата ачылган.

«Көрсөтүлгөн кызмат адамдары мыйзамсыз соода боюнча чара колдонбой кызматтык кызыкчылыктарына каршы жана журналисттердин бир канча жолку талаптарына карабастан окуя болгон жерден из жашырып кетип калышкан», — делет билдирүүдө.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

«Ошондой эле прокуратура Ветерианрдык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекцияга да маселени чечүү боюнча кайрылган», — делет билдирүүдө.

Бишкек мэриясы 2016-жылдын декабрь айында кабарлагандай, Ленин районунун администрациясынын жана милициясынын кызматкерлери Ош базарындагы эт саткан катарда биргелешкен түнкү текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

Текшерүүнүн натыйжасында шаар администрациясы соода түйүндөрүнөн сапатсыз эттерди тапкан эмес. Мэриянын билдирүүсү боюнча, бардык сатуучулар эт алып келип сатуу боюнча уруксат кагаздарына ээ болушкан.

Ош базарындагы эт саткан түйүндөрдө текшерүүлөр КТРКнын сюжетинен жана аны утурлай эле вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин тапшырмасынан кийин башталган.

ТЕМА БОЮНЧА: