Стамбулдагы теракт: 39 адам каза тапты, кол салган адам изин жашырып кеткен [жаңыланды]

Стамбулдагы Reina түнкү клубуна кол салуудан 30дан ашык адам каза тапты. Кол салган адам окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Стамбулдун губернатору Васип Шахин болуп өткөн окуяны теракт деп атаган. Болуп өткөн окуяга байланыштуу көптөгөн өлкөлөрдүн башчылары, алардын ичинде Алмазбек Атамбаев да Түркияга көңүл айткан. Стамбулда каза болгондор жерге берилген.

Куралдуу кол салуунун натыйжасында 39 адам набыт болгон, алардын ичинен 19у чет өлкөнүн жараны. Болжолдуу дагы 60 адам жаракат алган. Террористтин курмандыгына айлангандардын арасында Израилдин, Сауд Аравиясынын, Марокконун, Ливандын жана Ливиянын жарандары болгон.

Теракт жаңы жылдык кеч өтүп жаткан Стамбулдагы Reina клубунда болгон. Анда 800 жүздөй адамдын болгону кабарланууда.

Мурдараак дүйнөлүк басылмалар клубга Санта Клаустун кийимин кийип алып келген курлачан адам кол салганын билдирген. Бир версия боюнча кол салгандар экөө болгон.

Бирок Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым бул маалыматты четке каккан. Айтымында, кол салган адам жөнөкөй эле кийим кийип, башаламан болуп жаткан учурда окуя болгон жерден изин жашырган. Ал эми куралы клубда калып калган.

Ал ортодо дүйнөлүк желеде түнкү клубга кол салуу боюнча шектелген адамдын сүрөтү пайда болгон.

Террористтин биринчи курмандыктары кире бериште нөөмөттө турган полиция менен коопсуздук кызматкерлери болгон. Күбөлөрдүн айтымында, ок чыгарган адам жылмайган.

Жан сактап калыш үчүн адамдар жерде жаткан сөөктөрдүн арасынан чуркап качышкан, айрымдары Босфорго секирип кетишкен. Күбөлөрдүн айтымында, курман болгондордун саны расмий билдирүүдө айтылгандан көп.

Hurriyet гезити күбөлөрдөн сураштырып, алардын айрымдарынын айтымында, кол салган адам араб тилинде бир нерселерди кыйкырган.

reuters

«Мен ким атканын көргөн жокмун, бирок ок атылган жана адамдар качып баратканын уктум», — деген окуяга күбө болгон түрк футболчусу Сефа Бойдаш.

Жаңы жылдык кечте Стамбулда 17 миңден ашуун полиция кызматкери нөөмөттө турган. Мындай чаралар декабрдагы теракт окуяларынан кийин көрүлгөн.

Куралдуу кол салуу катталган клуб «Бешикташ» стадиону жайгашкан аймакта болгон. Бул аймакта мурда да теракт жүз берген.

Аталган стадиондо өткөн «Бешикташ» менен «Бурсаспордун» 11-декабрдагы матчында эки жардыруу болуп, 38 адам набыт болгон.

Ал эми 17-декабрда Кайсери шаарында да теракт болуп, автобустун жарылуусунун натыйжасында 13 адам каза таап, 48и жаракат алышкан.

11-17-декабрлардагы жардырууга жоопкерчиликти «Күрдистандын эркиндик шумкарлары» тобу алган.

Сүрөт: Reuters

ТЕМА БОЮНЧА: