Стамбулдагы террордук чабуул боюнча 12 киши камакка алынды

Полиция Стамбулдагы түнкү клубга жаңы жылга караган түнү болгон кол салуу боюнча шектенүү менен 12 кишини камакка алды. Анда белгисиз адам 39 кишини өлтүрүп, дагы 70 кишини жарадар кылган. Кол салган кишини издөө улантылууда.

Түрк полициясы кол салган кишинин өздүгүн жакын арада аныктаарын айтууда. Аларда кылмышкердин колунун изи жана анын болжолдуу сүрөттөмөсү бар.

Мурда ЖМКда жана коомдук түйүндөрдө шектүү кишинин бир нече сүрөттөмөсү жарык көргөн. Кийинчерээк биринчи шектүүнүн сүрөтү алынып салынып, полиция түнкү клубда ушул киши ок атты деп таптакыр башка бирөөнүн сүрөтүн таратты.

Азыркы тапта дал ушул киши — Стамбулдагы түнкү клубга кол салуу боюнча негизги шектүү.

Шектүүнүн сүрөтүнөн жана колунун издеринен тышкары, клубга кол салуунун видеосу да бар.

Полиция шектүү кишини Кыргызстандын же Өзбекстандын жараны деп атат. Азыр тергөө түнкү клубга кол салуу менен 2016-жылдын июнунда Ататүрк атындагы аба майданына кол салуунун ортосунда байланышты издеп табууга аракет кылууда.

Стамбулдагы түнкү клубга кол салуунун жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» террордук уюму өзүнө алды.

ИГИЛ — бир нече өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылган уюм.

«Ислам мамлекети» Ирак менен Сириянын аймагында «халифат куруу» боюнча иш жүргүзөт. Уюм өз душмандарына жана туткундарга карата таш боордугу менен белгилүү, ал элдин көзүнчө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.

Сүрөт: Reuters

ТЕМА БОЮНЧА: