Кыргыз киберспортчулары Түштүк Корея үчүн ойношот

Dota 2 боюнча кыргыз командасы кореялык киберспорт компаниясы менен келишимге кол койду. Жакынкы чемпионатта команда Түштүк Корея үчүн ойнойт.

Dota 2 NoLifer5.Reborn боюнча кыргыз командасы түштүк кореялык MVP киберспорт уюму менен контрактка кол койду. Кыргыз киберспортчулары Түштүк Кореянын атынан MVP.Revolution деген жаңы ат менен ойношот.

Кыргызстандыктар Түштүк Кореядагы World Electronic Sports Games 2016 турниринде 2-орун алышкандан кийин MVP аларга кызыгып калган. Ага чейин кыргызстандыктардын демөөрчүлөрү болгон эмес.

Жаңы команда үчүн алгачкы мелдеш World Electronic Sports Games чемпионаты болуп, анда 1,5 миллион доллар байге фонду ойнотулат. Чемпионаттын финалы Кытайдын Ченчжоу шаарында 12-январдан 15-январга чейин өтөт.

Спортчулар кабарлашкандай, команда Кореяга кетип, ал жакта бир жыл болот.

Команда беш кишиден турат, алар ар кандай ролдорду аткарышат:

  • Капитан Бакыт «Zayac» Эмилжанов, саппорт;
  • Жонни «Blizzy» Ри, саппорт;
  • Илгиз «NapaleonshQa» Жунушалиев, оффлайн;
  • Дуулат «StormC4t» Субанкулов, команданын борбордук оюнчусу;
  • Бектур «Runec» Кулов, керри.

MVP — салыштырмалуу чоң эмес кореялыкы уюм, анын туунду киберспорттук клубдары бар. MVP оюнчулары Dota 2, League of Ledends жана Heroes of the Storm боюнча турнирлерде мелдешет.

Dota 2 — Түштүк Кореяда анча кеңири тарабаган киберспорттук оюн. Ага окшогон League of Legends оюну кесипкөйлөр жана жөнөкөй оюнчулар арасында алда канча кеңири тараган. Ошого карабастан, MVPнн курамына эмитен эле MVP Phoenix командасы кирет, ал «Дота» боюнча турнирлерге катышып жүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА: