2010-жылдагы революция боюнча иш: Нурлан Турсункулов менен Каныбек Жороев мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулду

Мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулду. Буга чейин, 31-декабрда бул иш боюнча соттолгон мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев да эркиндикке чыккан.

Нурлан Турсункулов менен Каныбек Жороев кесилген мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүтүп, Аламүдүн райондук сотунун чечими менен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Элмурза Сатыбалдиев ошол эле себептен улам Биринчи май райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгарылган.

Мында боштондукка чыккандар эми укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болуп, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (МЖАК) адистеринде текшерилип турушат.

Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов жана Каныбек Жороев Аскердик соттун чечими менен 2010-жылдын 7-апрелиндеги адамдардын өлүмү үчүн «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

10 жылга эркинен ажыратылган төрт мамлекеттик кызматкердин ичинен камакта УКМКнын «Альфа» башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жолдошалиев калууда. Жалпысынан 7-апрель революциясына байланышкан иш боюнча 28 айыпталуучу өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА: