Москва полициясы тонолгон өзбекстандык аялдын баласын тартып алды

Өзбекстандын жараны болгон аял буюмдарын уурдаткандан кийин полицияга кайрылган. Анын акчасы менен кошо бардык документтери жоголгон. Полиция болсо аялдын бир жашар кызын энесинин документтери жок деген жүйө менен алып койду. Энеси үч суткага изоляторго жайгаштырылды.

Материалдын түп нускасы «Озодлик» үналгысынын сайтында жарыяланган.

Москвада Өзбекстандын жараны Нилуфар Мамасаидованын бир жашар кызы Манижаны полиция кызматкерлери энесинен алып коюшту. 10 күндөн бери бала башкалаанын 1-шаардык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө жатат, деп кабарлайт «Фергана» маалымат агенттиги юрист-укук коргоочу Бахром Исмаиловдун маалыматына таянуу менен.

Анын айтымында, 2016-жылдын 25-декабрында Нилуфар конок болгон батирде уурулук болгон. Уурдалган буюмдардын арасында Нилуфардын жана анын баласынын документтери бар болчу. Ошол эле күнү ал Кунцево РИИБне документтери уурдалганы тууралуу арыз менен кайрылып, бирок кылмышкерди издөөнүн ордуна Кунцево РИИБнин кызматкерлери энесинен кызын тартып алып, аны документтери жоктугуна шылташкан. Нилуфардын өзүн болсо Кунцево РИИБнин УКИне үч суткага камап коюшкан.

«РИИБнин жашы жете электер менен иштеген кызматкерлери Нилуфардан бала чоочун эмес, анын өз баласы экенине далилдерди талап кылып туруп алышкан. Аял уурдалган документтер тууралуу айтып, кызы менен кошо түшкөн сүрөттөрдү көрсөткөн. Бирок ага бала анын өзүнүкү экени далилденмейинче анын кызы балдар ооруканасында болоорун айтышкан. Нилуфардын өзүн бөлүмгө алып барып, ал жерде аны тамак-ашы жок, элементардык шарты жок үч күн кармап, анан сотко алып барышкан. Бирок сот Нилуфардын өтүнүчү менен баласына карап аны кое берген. Эми ал күн сайын ооруканага барып, Манижага тамак алып барат, бирок аны балага киргизбей жатышат», – дейт Бахром Исмаилов.

Укук коргоочунун пикиринде, полиция кызматкерлери мыйзам боюнча энесинин өздүгү такталгыча баланы алып коюуга укуктуу болсо да, «адамгерчилик принцибинен улам жана жабыркаган аял туш болгон абалды эске алып» эне-баланы ажыратпай деле коюшса болмок.

«Энесин ымыркай баласы менен ажыратуу экөөнө тең олуттуу психикалык травма алып келди. Ал тургай Нилуфар үч сутка полицияда суук изолятордо отургандыктан өпкөсүнө суук тийген экен. Санаа тартып арыктап кетиптир. Башкача айтканда аялды ого бетер оор абалга алып келишкен», – деп баса белгиледи Исмаилов.

Азыркы учурда укук коргоочу кыздын документтерин ал туулган төрөт үйү аркылуу калыбына келтирүү менен алек. Андан кийин туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк, ошондой эле эне-балага Өзбекстандын Москвадагы элчилигинде мекенине кайтуучу сертификат алыш керек. «Мына ушул документтерди тууралаштыргандан кийин гана баланы ооруканадан алып кетсе болот. Биз мунун баарын болушунча тез жасаганга аракет кылабыз, бирок азыр майрам, мекемелердин баары азырынча эс алып жатышат», – деди юрист.

«Фергана» эске салгандай, 2015-жылы күзүндө Санкт-Петербургда мигрант аялдын ымыркай баласын тартып алган ушундай окуя трагедия менен аяктаган. Беш жашар Умарали Назаровду анын энеси, 21 жаштагы Зарина Юнусовадан миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн (катталган мөөнөтү өтүп кеткен) полиция участогунда тартып алышкандан кийин 2015-жылдын 14-октябрында Петербургда Цимбалын атындагы медициналык борбордо бала чарчап калган.

ТЕМА БОЮНЧА: