Флоридадагы ок атуу: Беш киши курман болду

Жаш жигит АКШнын Флорида штатындагы Форт-Лодердейл шаарында ок атты. Колго түшкөнгө чейин ал беш кишини өлтүрүп, 10го жакын адамды жарадар кылды.

Полициянын маалыматы боюнча, ок аткан жигит Канададан рейс менен келип, багаж берилген залдан ок ата баштаган. Баштапкы маалыматтар боюнча ал беш кишини өлтүрүп, сегиз адамды жарадар кылды.

Күбөлөр ок аткан кишини 20-30 жаштагы арык чырай «Жылдыздуу согуштардын» сүрөттөрү тартылган футболкачан жигит катары сүрөттөшөт.

Кызматкерлер жана жүргүнчүлөр коопсуз жерге чыгарылды. Сүрөт: Reuters

Анын жанында Эстебан Сантьяго аттуу аскер адамынын күбөлүгү табылган, бирок документ чын эле ок аткан кишиге таандыкпы-жокпу, азырынча аныктала элек.

Окуяны көргөндөр кылмышкер полиция тарабынан колго түшүрүлүп жатканда жарадар болгонун айтышты, бирок жергиликтүү полициянын шерифи аны танып жатат. Ал полиция бир да жолук ок аткан жок дейт.

Полиция анын эмне себептен ок атканын билбейт. Анын кызматкерлери муну террордук чабуул деп айткан жок, анткени андай билдирүүлөрдүн баарына эрте деп эсептешет. Кармалган адамдын жоругунун себептери такталууда.

Кыз жарадар болгон кишиге жардам берип жатат. Сүрөт: Reuters

Полиция менен ФИБ кылмышкердин акыл-эси жайында экенинен күмөн санашууда. Ал психиатриялык экспертизага жөнөтүлдү.

Аба майданында ок атуу болгон Форт-Лодердейл шаары Флорида штатында жакшы таанымал. Аба майданында туристтер көп болчу.

Анча алыс эмес жайгашкан Майами аба майданында каргашадан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Сүрөт: Reuters

ТЕМА БОЮНЧА: