#ИльдарДадинКайда: Орусиялык активист Алтай крайынын колониясына жеткирилди

Бир ай ичинде орусиялык активист Ильдар Дадин Карелиядан аты айтылбаган эркинен ажыратуу жайына этап менен которулду. Ошончо убактан бери жакындары анын кайда экенин билбей, андан маалымат ала албай жүрүштү. Ильдар табылганы тууралуу анын аялы кабарлады — азыр активист Алтай колониясында экен.

Орусиялык оппозициячыл активист Ильдар Дадин Алтай крайындагы колонияга жеткирилди. Бул тууралуу активисттин аялы, журналист Анастасия Зотова кабарлады.

Азыр ал Рубцовск шаарындагы №5 колонияда отурат. Аялына белгилүү болгондой, декабрдын көбүн Дадин Түмөндөгү өткөөл жайында отурган. Азыр Анастасия Зотова күйөөсүнө Рубцовскко барууга камынууда.

Ильдар Дадин нааразылык акцияларынын биринде. Сүрөт: Газета.ру

Ильдар Дадин жалгыздап пикеттерди өткөргөнү үчүн соттолгон. Макулдашылбаган нааразылык акциясы үчүн ал сотто 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Активисттин турган жери былтыр декабрдын башынан бери белгисиз болчу. Дадин поездге отургузулуп, ал аны Карелиядан башка камак жайына жеткирмек. Бирок анын кайда жөнөтүлгөнү 7-январга чейин белгисиз болду.

Аны жеткирүү менен алек болгон Федералдык жаза аткаруу кызматы анын кайда экенин билдирген эмес, ал эми Алтай крайына которулушун «коопсуздук үчүн» деп түшүндүрүшкөн.

Ильдар Дадин. Сүрөт: Открытая Россия

Ильдар Дадин эмне үчүн соттолгон?

Активист Москванын Басман соту тарабынан «180 күн ичинде экиден көп жолу көчө акцияларын өткөрүү эрежесин бузганы» үчүн соттолгон.

Бул берене Орусиянын Кылмыш кодексине 2014-жылы киргизилген. Дадин азырынча Орусияда ал боюнча соттолгон бирден-бир адам.

Активисттин күнөөсү — бир нече жолу «макулдашылбаган» нааразылык акцияларына катышканында. Биринчи жалгыз пикетин Дадин 2014-жылдын 6-августунда «Саздак аянттагы» фигуранттарды коргош үчүн өткөргөн. Андан кийин ал өкмөткө каршы дагы үч митингге катышкан.

Алардын акыркысында, 5-декабрда, ал дагы жети активист менен кошулуп алып Владимир Путиндин саясатына каршы чыгышкан. Алар Мясницкая көчөсүн жаап, «Кечээ — Киев, бүгүн — Москва» деген ураан көтөрүп чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА: