Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөө борбору өлкөгө кеңири сөз эркиндиги кереги жок, анткени ал «зыяндуу» деп билдирди. Акыркы жылы Тажикстанда төрт басылма жабылып, өлкөнүн өзү басма сөз эркиндигинин рейтингдеринде абдан төмөн түштү. Ал жакта эмне болуп жатат?

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Тажикстан Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 36 позициясынан ажырады — эгерде 2015-жылы бул өлкө 180 позициянын ичинен 114-орунда болсо, акыркы жыл ичинде 150-орунга түштү.

«Чек арасыз репортерлор» уюму кыйынчылык эркин ЖМКларга көрсөтүлгөн кысым менен байланыштуу экенин, ал бийлик террорчулукка каршы күрөштүн шылтоосу менен саясий оппозициядан арылган соң башталганын белгилейт.

«Атайын кызматтардын сурактары, опуза жана шантаж эркин журналисттердин күнүмдүк ишинин бир бөлүгү болуп калды. Коммуникацияны аңдуу — эми кадыресе эле көрүнүш, ал эми негизги жаңылыктар сайттарын жана коомдук түйүндөрдү блоктоп салуу дээрлик дайыма болуп турат», — деп баалайт өлкөдөгү кырдаалды RSF.

Тажик гезиттери.

Былтыр ноябрда «Чек арасыз репортерлор» «Азаттык» үналгысынын тажик бюросунун алты журналистинин аккредитациядан ажыратылышын сынга алган, алар президенттин кызы Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине кызматка орношкону тууралуу кабар жазып чыгышкандан кийин аккредитациясынан айрылышкан.

RSF Тажикстанды журналисттер «укуксуз» болуп калган өлкө деп атады, ал эми «Азаттык» үналгысынын жетекчилиги тажик бийлигине аккредитацияны жаңыртууга үндөп кайрылды. Бул окуядан бир ай өткөн соң Тажикстандын ТИМи журналисттерге андан ары иштөөгө жол берди.

«Сөз эркиндигинин жогорку деңгээли зыяндуу»

Тажик бийлигинин сөз эркиндигинин начарлашына жооптору тууралуу акыркы жаңылыктардан — Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөө борборунун билдирүүсү.

Борбордун директору Худоберди Холикназаров өлкөдө сөз эркиндиги жетиштүү экенин, ал эми басылмалар коммерциялык жактан өзүн өзү актабай калгандыктан жабылып жатышканын билдирди.

Басма сөз жыйынында Холикназаров журналисттер материал даярдоодо «сак болушу», «демократия менен ойнобошу» керек экенин, ал «туруктуулукту бузуп коюшу мүмкүн экенин» эскертти.

Борбордун директорунун орун басар Сайфулло Сафаров анын артынан сөз эркиндигинин бийик деңгээли Тажикстан үчүн «зыяндуу экенин» билдирип, эркин басылмалардын жабылышын алардын коммерциялык жактан начардыгы менен түшүндүрдү.

Тажикстан СИБнин төрагасынын биринчи орун басары Сайфулло Сафаров. Сүрөт: «Озодагон».

«Өнүккөн өлкөлөрдө сөз эркиндиги канчалык көп болсо ошончолук жакшы. Ал жакта сөз эркиндиги туруктуулук менен тынчтыктын, жарандардын жигердүүлүгүнүн жагдайы болуп эсептелет. Бирок өткөөл баскычта турган мамлекеттер үчүн сөз эркиндигинин бийик деңгээли зыян», — деди Сафаров.

СИБнин билдирүүсү — бул Тажикстандын Улуттук эркин ЖМКлар ассоциациясынын жана ЖМК боюнча кеңештин акыркы эки жыл ичинде өлкөдө сөз эркиндигине байланышкан кырдаал начарлап кеткенин билдирген жарыясына жооп сыяктуу.

«ЖМКдагы кыйынчылыктарды кээде жеке, топтук жана мекемелик кызыкчылыктар коомдук кызыкчылыктан жогору туруп алганы күчөтөт. Биз ЖМКнын көп түрдүүлүгү калктын калың катмарына трибуна берүүгө өбөлгө түзүп, коомдогу плюрализмди кеңейтээрине терең ишенебиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Медиа-уюмдар акыркы жылы өлкөдө төрт басылма — «Вечерний Душанбе», «Дам», «Нигох» жана «Точньюс» — жабылып калганын билдирип, Тажикстандын бийлигин сөз эркиндигине байланыштуу Конституцияны сактоого чакырышты.

Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр

ЖМКнын абалы учурда 64 жаштагы президент Эмомали Рахмондун жана анын үй-бүлөсүнүн бийлиги күчөп бараткан шартта начарлоодо.

Былтыр май айынын башында 22 жылдан бери Тажикстанды башкарып келаткан Рахмон өлкөнүн конституциясына 40тан ашуун өзгөртүү киргизүүгө жетишкен. Эки негизги карама-каршы келген түзөтүүлөр президенттин өзүнө түздөн түз тиешелүү.

Биринчиси Рахмонго өзүн өлкө башчылыгы кызматына көрсөтүүгө чексиз укук берип, анын ыйгарым укуктарын көбөйтөт.

Экинчиси президенттикке талапкерлерге коюлган 35 жаш чегин 30 жашка төмөндөтөт. Бул түзөтүү, серепчилердин ою боюнча, тажик лидеринин уулу Рустам Эмомали Рахмонго идеалдуу түрдө туура келет. Ал кийинки 2020-жылдагы президенттик шайлоого катыша алат.

Тажикстандын президентинин уулу Рустам Эмомали. Сүрөт: news.tj.

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн соң кийинки күнү эле өлкөдөгү башкы эркин басылмалар: «Азия-Плюс», «Озоди» үналгысы жана «Озадогон» убактылуу тосмолоно баштаган.

Ошону менен бирге эле «Азия-Плюстун» тосмолонушу анын Financial Times гезитине шилтеме кылганы менен түшүндүрүлгөн. Гезитте «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму менен күрөшүү боюнча иш-чаралар сүрөттөлгөн. Бийлик муну «терроризмди пропагандалоо» деп тааныган.

Терроризм менен күрөшүү шылтоосу оппозициялык «Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясын» экстремисттик деп табууга себеп болуп калган.

Партия 2015-жылга карата өлкөдөгү башкы оппозициялык күч болуп турган, бирок кийинки жылы анын жетекчилери узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Башкы сүрөт: «Озоди» үналгысы. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (солдо) жана анын уулу Рустам Эмомали.

ТЕМА БОЮНЧА: