Аялды анын баласынын көзүнчө зордуктаган таксистке чыгарылган өкүм облустук сотто кайра каралмак болду. Мурда активисттер төрт жылга эркинен ажыратуу — мындай кылмыш үчүн өтө эле жумшак жаза деп эсептеп интернетте кол чогултушкан.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасындагылар Kloop.kgнин кабарчысына өкүмгө каршы арыз берилгенин жана иш кайра каралышы үчүн зарыл документтер даярдалып жатканын айтышты.

Аялды анын 5 жашар баласынын көзүнчө зордуктаган айыпталуунун өкүмү 7-январда угузулган. Тоң райондук соту мамлекеттик айыптоо сурагандай 20 жылга эркинен ажыратуунун ордуна, зордукчуну төрт жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.

Соттун чечимин өтө эле жумшак деп эсептеген активисттер Тоң райондук сотунун судьясынын чечимин кайра каратып, ага карата териштирүү уюштуруш үчүн Интернетте кол чогултуп киришкен. Азыркы тапта кайрылууга 1000ден ашуун киши кол койду.

Июлдун аягында аял беш жашар баласы менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Бишкекке кайтып келатканда таксист аны жолдон баласынын көзүнчө зордуктап салган.

«Ал менин кийимимди сыйрып ыргытып, мени зордуктап кирди. Менин беш жашар балам ал учурда автоунаанын ичинде кыйкырып жатты. Ошондон кийин ал баланы автоунаанын ичинен ыргытып жиберип, укук коргоо органдарына кайрылсам мени өлтүрүп салаарын айтып кетип калды», — деп айтып берген эле ал аял.

Анда ишти ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган.

Сүрөт иллюстративдик мүнөздө