Криштиану Роналду дагы бир жолу ФИФАда жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Адаттагыдай эле анын бул наам үчүн атаандашы Лионель Месси болду. Бул эки туруктуу атаандаштын карьерасы гүлдөгөнгө чейин бул сыйлыкты кимдер алганын эстеп көрөлү.

Бир нече жылдан бери Криштиану Роналду менен Лионель Месси эң маанилүү жекече сыйлыктардын дээрлик баарын ээлеп келатышат. Бул эки мыкты оюнчуга татыктуу атаандаша ала турган футболчуларды бүгүн элестетиш бир топ эле кыйын.

Бирок 2007-жылга чейин дүйнөдөгү эң мыкты оюнчу деп аталыш үчүн кыйла катаал жана кызыктуу күрөш жүргөн. Роналду менен Месси карьерасын жаңыдан гана баштап келатканда ФИФАнын «Жылдын мыкты оюнчусу» наамын алган футболчулар төмөнкүлөр.

Роналдо

Атактуу бразилиялык оюнчу өзү беш жыл бою (1997-2002) намысын коргогон «Интердин» күйөрмандарынан «Феномен» деген наам алган.

Өзүнүн узак карьерасында Роналдо жети башка клуб үчүн ойногонго жетишкен: алар «Крузейро», «ПСВ», «Барселона», «Интер», «Реал Мадрид», «Милан», «Коринтианс».

Футболчунун клубдук карьерасында сыйлыктар көп болгонуна карабастан, алардын эң негизгилерине ал өз улуттук курама командасынын намысын коргоп жүрүп жеткен.

Бразилиялык оюнчу эки жолу дүйнө чемпиону болгон жана ушул күнгө чейин Бразилиянын курама командасынын тарыхында эң мыкты чабуулчу болуп эсептелет. Ал футбол тарыхында эң мыкты жүз оюнчунун арасынан 13-орунда турат.

Роналдо ФИФАдан «Жылдын мыкты оюнчусу» наамын үч жолу алган (1996, 1997, 2002).

Зинедин Зидан

Мадрид «Реалынын» башкы машыктыруучусу футболчулук карьерасын 2006-жылы дүйнө чемпионатынын финалында Италиянын курама командасына каршы оюнда утулуп калып, абдан ызалуу аяктаган.

Зидандын клубдук карьерасында төрт клуб болгон: «Канн», «Бордо», «Ювентус» жана «Реал Мадрид» — акыркысы анын оюнчулук карьерасында соңку, машыктыруучулук карьерасында биринчи клуб болуп калды.

Француздун капчыгында А Сериясынын, Ла Лиганын, Чемпиондор Лигасынын Кубоктору бар, ошондой эле улуттук курама команданын курамында Зидан дүйнө (1998) жана Европа (2000) чемпиону болгон.

Мындан тышкары, 2004-жылы Зидан акыркы 50 жыл ичиндеги УЕФАнын мыкты футболчусу деп аталган.

Мадрид «Реалынын» башкы машыктыруучусунун кызматында болгону бир жыл иштеп, Зидан үч эң ири турнирди: Чемпиондор лигасын, УЕФАнын суперкубогун жана дүйнөнүн клубдук чемпионатын жеңип алууга жетишти.

Зидан Роналдо сыяктуу эле үч жолу ФИФАнын «Жылдын мыкты оюнчусу» (1998, 2000, 2003) болгон.

Ривалдо

Бразилиялык Ривалдо ФИФАдан «Жылдын мыкты оюнчусу» наамын 1999-жылы алган. Ал ошол учурда «Барселонанын» намысын коргоп жүргөн.

Өзүнүн узак карьерасында Ривалдо 16 клубду алмаштырууга жетишти. Анын капчыгында Испаниянын, Италиянын, Бразилиянын, Грециянын жана ал тургай Өзбекстандын да чемпиондук кубоктору бар.

Бразилиянын курама командасы менен ал дүйнө чемпиону болуп, Конфедерациялар кубогун жана Американын Кубогун утуп алган.

Ушу тапта Ривалдо бир кезде өзү карьерасын баштаган бразилиялык «Моджи-Мирин» клубунун президенти.

Луиш Фигу

Фигу — Чемпиондор лигасынын кубогунун, УЕФА суперкубогунун ээси, Испаниянын, Италиянын чемпиону жана Европанын вице-чемпиону, ФИФАдан «Жылдын мыкты оюнчусу» наамын 2001-жылы утуп алган.

Португалиянын курама командасынын курамында Фигу жеңишке жетише алган эмес. 2004-жылы гана Европанын өз аймагындагы чемпионатында ал курама команданын капитаны катары аны турнирдин финалына алып чыккан. Бирок натыйжада португалиялыктар утулуп калган. Анда Европа чемпиондорунун кубогун Греция алып кеткен.

Улуттук курама командадан айырмаланып, португалиялыктын клубдук карьерасы алда канча кызыктуу болду. Ал «Барселонадан» анын айыгышкан душманы — мадрид «Реалына» кошулууга баш байлаган саналуу оюнчулардын бири.

1999/00 сезону бүткөн соң Фигу каталон клубунан кетип, «Реал» менен контрактка кол койгон. Ушул өзгөрүүгө көп жагымсыз окуялар байланыштуу. Анын ичинде жаңы команданын курамында биринчи Класико маалында «Барселонанын» ачууланган күйөрмандары Фигуга таштанды ыргытып, анын арасында чочконун башы болгон.

Фигу карьерасын «Интерде» 2009-жылы аяктаган.

Рональдиньо

Рональдиньо — Чемпиондор лигасынын кубогунун, УЕФА Суперкубогунун ээси, ошондой эле Испаниянын, Италиянын чемпиону жана Мексика Кубогунун ээси.

Аны ФИФА эки жыл катары менен — 2004 жана 2005 жылдары — эң мыкты оюнчу деп атаган.

Курама команданын курамында Рональдиньо дүйнө жана Америка чемпиону болуп, ошондой эле Конфедерациялар кубогун утуп алган.

Бразилиялык оюнчунун карьерасы гүлдөгөн убак каталониялык «Барселона» үчүн ойноп жүргөн учурга туш келди. 2004/05 сезонунда Рональдиньо «Алтын топ» утуп алган, ал эми кийинки сезондо клубдун мыкты чабуулчусу (26 гол) болуп, «Барселонага» Эски Дүйнөнүн бардык негизги байгелерин жеңип алууга жардам берди.

Ийгиликсиз аяктаган 2007/08 сезонунан кийин Рональдиньо «Миланга» өтүп, экинчи сезондо гана мурунку формасына келди.

Бразилиянын курама командасында орундан куру жалак калганы жана «Миландагы» карьерасынын аякташы атактуу футболчунун чуулгандуу жоруктары менен байланыштуу. Анын машыгууларга дайыма кечигип келиши жана жергиликтүү барларда сайран куруп жүрүп алшы анын насаатчыларына жакпай, алар Рональдиньону негизги курамдагы ордунан алып салышкан.

Европа клубдарындагы карерасын аяктаган соң Рональдиньо Бразилиянын «Фламенго», «Атлетико Минейро», «Флуминенсе» командалары үчүн ойногонго, ал тургай Индиянын футзал Премьер-лигасында ойноп өзүн мини-футболдо байкап көрүүгө да үлгүргөн.

Фабио Каннаваро

Каннаваро 2006-жылы Германиядагы дүйнө чемпионатында Италиянын курама командасынын айныксыз жеңишинен кийин ФИФА тарабынан «Жылдын мыкты оюнчусу» деп табылган.

Италиялыктар пенальти топтомунда Франциянын курама командасын утуп алган мундиалдын финалдык матчы Каннаваро үчүн анын карьерасында жүзүнчү оюн болуп калды. Дүйнөлүк биринчилик аяктаган соң ал турнирдин экинчи мыкты оюнчусу катары таанылып, Күмүш топко ээ болгон.

Оюнчу катары өз карьерасында Каннаваро «Парма», «Наполи», «Интер», «Ювентус», «Реал» жана «Аль-Ахли» үчүн ойногонго жетишти.

2011-жылы тизесин окустатып алгандыктан карьерасын аяктаган соң Каннаваро машыктыруучулук ишке өтүүнү чечкен. Ал атайын окутуу курсунан өтүп, лицензия алган.

Ушу тапта италиялык оюнчу «Тяньцзинь Сунцзянды» жетектеп, аны менен Кытай лигасынын кубогун утуп алганга жетишти.

Кака

Роналду менен Месси экөөнү тең атаандаштыктан утуп чыккан бирден-бир футболчу, дүйнө чемпиону, Чемпиондор лигасынын кубогунун, УЕФА Суперкубогунун, ошондой эле Конфедерациялар кубогунун ээси — Кака.

Бразилиялык оюнчу Роналду менен Мессинин узакка созулган жеңиш жолу 2007-жылы башталгыча «Жылдын мыкты оюнчусу» наамын алган акыркы футболчу болуп калды.

2007-жылы бразилиялык оюнчу «Миландын» курамында Чемпиондор лигасынын кубогун утуп алган. «Ливерпулга» каршы финалда дал ушул оюнчу Индзагиге гол киргизүүгө ылайык топ өткөрүп берип, командасына негизги Европа кубогун утуп алууга шарт түзгөн.

Турнир аяктаган соң Кака 2006/07 сезондогу Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусу катары таанылып, «France Football» журналынан «Алтын топ» алган.

Ар кайсы жылдары Кака «Сан-Паулу», «Реал Мадрид» жана «Орландо Сити» үчүн да ойноп жүргөн.

Ушу тапта бразилиялык оюнчу ижара акысында өз карьерасы башталган «Сан-Паулу» клубуна кайтып келди.

Сүрөт: Sky Sports, The Sun, BBC, fifa

ТЕМА БОЮНЧА:


Роналду — эң мыкты футболчу, Раньери — эң мыкты машыктыруучу. FIFA жыл жыйынтыгын чыгарды