Быйыл күзүндө өтчү президенттик шайлоого аттана тургандардын алгачкы "дүбүртү" угула баштады.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун республикалык шайлоо штабы түзүлүп, аны Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Таштемир Айтбаев башкара турганы айтылууда.

Жергиликтүү агенттиктердин маалыматы боюнча, Акматбек Келдибеков жер-жерлерде өкүлчүлүктөрүн ачып, штаб башчыларын дайындоого киришкен.

Бирдиктүү талапкерге токтолуунун машакаты

Кyrgyztoday.kg агенттиги өзүнүн ишенимдүү булагына таянып, саясатчы Акматбек Келдибеков күздөгү президенттик шайлоого катышарын жазып чыкты. Анын маалыматы боюнча, Акматбек Келдибеков Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан кеңседе өзүнүн республикалык шайлоо штабын ачкан. Буга чейин саясатчылар Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо өз ара бирдиктүү талапкерге токтолуп, колдоого алууга сөз бекитишкен эле. Бирок анда үчөөнүн ичинен кимиси президенттикке талапкер болору жарыялана элек болчу.

“Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев учурда президенттикке бирдиктүү талапкерди жарыялоо чечими бышып калганына токтолду:

- Азырынча “бул чыгат” деген толук чечим жок. Бирок бир-эки жумадан кийин президенттик шайлоого байланыштуу борбордук штаб ачылып, иштей баштайт. Үч саясатчынын биригүүсүнүн башында Акматбек Келдибеков турат. Буга чейин К.Ташиев да, А.Мадумаров дагы президенттикке талапкерлигин коюшкан. Акматбек Келдибеков буга чейин президенттикке талапкерлигин койо элек болчу. Ошондуктан эмдиги талапкерлигин көрсөтүү кезеги аныкы болушу керек. Мына ушуга байланыштуу Камчыбек Ташиев Келдибековдун бирдиктүү талапкер катары чыгышына каршы эмес. Бийлик эле ага катуу тоскоолдук кылып койбосо, Акматбек Келдибеков бизден президенттикке бирдиктүү талапкер болуп чыгат.

Мадумаровдун кабарсыздыгы

Анткен менен тандемге бириккен үч саясатчынын бири Адахан Мадумаровдун Акматбек Келдибековду президенттике бирдиктүү талапкер катары колдоо маселесинен кабары жок болуп чыкты. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров Келдибековдун президенттике талапкерлиги боюнча маалыматты биринчи жолу угуп жатканын жашырган жок:

- Ал Шакиевдин пикири. Биз бул тууралуу ачык маселе козгой элекпиз. Мен бул маселе боюнча ушул кезге чейин эч ким менен сүйлөшө элекмин. Менин ал тууралуу эч кандай кабарым жок. Биринчи жолу угуп жатам. Ким айтып жатат? Менин сырттан келгениме эки күн болду. Ким эмне деп айтып, анан ошондой маалымат чыгарып жатканын билбейт экем. Баарыбыз ушак менен жашап калдык. Мен жарым айча сыртта болуп келсем, эмне деген гана сөздөр чыгыптыр.

Жазды күткөн шайлоо штабы

Маалыматка караганда, учурда Келдибековдун шайлоо штабынын жергиликтүү өкүлчүлүктөрү ачыла баштаган. Анда Акматбек Келдибековдун шайлоо штабынын түндүк аймагын УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал Таштемир Айтбаев, түштүк аймагын парламент депутаты Улукбек Ормонов жетектей турганы көрсөтүлгөн.

Бирок Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынан депутат Улукбек Ормонов Акматбек Келдибековдун шайлоо штабы жазга барып, анан жанданышы мүмкүн экенин да жокко чыгарбайт:

- Эми негизи ошондой сөз бар. Бирок бул маселе толук чечиле элек да. Анан калса шайлоо штабын түзүп, ишти баштаганга азырынча эрте. “Иш мына-мына бышканы калды” дегени менен, бирок ал толук быша элек да. Бул маалымат эми мына ошондой сөздөрдүн негизинде чыккан болсо керек. Шайлоо штабы түзүлсө, биз аны атайын маалымат жыйынын уюштуруп, ачык эле жарыялайбыз. Үч саясатчыбыз ынтымакта, аягына чейин бирге болсо, үч айдан кийин ошондой болуп калаар. Бирок азыр аларды бөлүп-жаруу боюнча ар кандай ушактар таркап, ажырым чыгаруу үчүн айтылбаган сөздөрдү айтылды дегендей ортодо чоң жарака чыгаргысы келген иштер болуп жатпайбы.

Соттолгонун жоюунун эрежеси

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, соттолгон адам президент боло албайт. Бишкек шаардык соту 2016-жылы Акматбек Келдибековго тагылган айыптоо боюнча аны жарым-жартылай күнөөлүү деп таап, 10 миллион сом айыппул төлөөгө милдеттендирген. Москвада парламент өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан жана салык кызматын жетектегенде кемчилик кетирген деп айыпталган Акматбек Келдибеков былтыр ноябрь айында айыппулду төлөп берген. Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов анын сотолгону жоюлууга жатарын айтты:

- Эми бул иштин укуктук жагы жанагы айыппул төлөнгөндөн кийин Акматбек Келдибековдун соттуулугу өзүнөн-өзү жоюлушу керек. Эркинен ажыратууга кириптер болбогондон кийин анын соттуулугу айыппул төлөнгөндөн кийин бир жыл убакыттан кийин жоюлушу зарыл. Мыйзам боюнча, азыр өзгөртүп эле жиберишпесе, ошондой.

Ошол эле кезде адистердин айтымында, соттуулукту жоюу соттун атайын чечиминин негизинде, мөөнөтүнөн мурун дагы жоюлушу мүмкүн.

Акматбек Келдибеков буга чейин Социалдык фондду, Салык кызматын жетектеп, парламент спикери да болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышына депутат болуп, шайланган. 2012-жылы Акматбек Келдибеков парламент спикерлигинен кеткенден кийин ага кылмыш иши козголуп, “коррупция”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” сыяктуу оор айыптар коюлган. Бирок соттук териштирүүлөрдүн негизинде анын көпчүлүгү тастыкталган эмес. Акматбек Келдибеков сотто ага козголгон ишти саясий куугунтук деп мүнөздөгөн жайы бар.

ТЕМА БОЮНЧА: