Мурдагы депутат жана парламенттин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков коррупцияга айыпталгандан кийин анын жубайы Болгариянын Бяла шаарынан жер тилкесин сатып алган.

Материалда келтирилген юридикалык документтер Болгариянын «Бивол» иликтөө сайтынын жардамы менен алынды.

Аида Токтоматова — Адамдын репродукциясы борборунун мурдагы башчысы жана экс-төрага Акматбек Келдибековдун аялы — фирмасын 2013-жылдын июнунда, Болгариянын Варна шаарында каттоодон өткөргөн.

Аида Токтоматова, Акматбек Келдибековдун жубайы. Сүрөт: КирТАГ
Аида Токтоматова, Акматбек Келдибековдун жубайы. Сүрөт: КирТАГ

Бул маалыматтарга Болгариянын юридикалык жактарынын реестеринен уюмдаштыруучуларды табууга мүмкүндүк берген Болгариянын «Бивол» деген иликтөө сайтынын журналисттеринин аркысы менен жетүүгө мүмкүн болду.

Токтоматованын компаниясы «ЕВРАЗИЯ-КГ» деп аталат жана «Бивол» сайтынан алынган документтерге ылайык, ал жыгач сөңгөгүн, автоунааларды жана алардын коплекттөөчү жабдууларын сатуу, брокерлик, риэлтордук, жүргүнчү жана жүктөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, жарнама жана курулуш менен алектенет.

Фирма Тодор Икономов көчөсүндөгү үйгө катталган — ал Примор районундагы Варна шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан, андан Кара деңиздин жээгине чейин 12 мүнөттүн ичинде жөө барууга болот. Ал компания жайгашкан үй мына ушундай көрүнүштө:

Ofis-Toktomatovoj-v-Varne

Фирма катталган учурда Токтоматованын күйөөсү кыргыз парламентинин депутаты болуп турган жана мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам боюнча, бизнес же ишкердик ишмердүүлүк менен алектене алмак эмес.

Ошондой эле «ЕВРАЗИЯ-КГ» «Дело №» гезитине Келдибековдун декларациясын иликтеп чыгышып, анын эч качан бизнес менен алектенбегендигин белгилөө менен саясатчынын көптөгөн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү жөнүндө макала жарыялангандан бир нече айдан кийин негизделген.

Келдибековдун 2012-жыл үчүн толтурган декларациясынан скриншот. Булак: «Вечерний Бишкек»
Келдибековдун 2012-жыл үчүн толтурган декларациясынан скриншот. Булак: «Вечерний Бишкек»
Келдибековдун 2012-жыл үчүн толтурган декларациясынан скриншот. Булак: «Вечерний Бишкек»
Келдибековдун 2012-жыл үчүн толтурган декларациясынан скриншот. Булак: «Вечерний Бишкек»

«[…] жогоруда көрсөтүлгөн байлыктардын бардыгы — расмий түрдө катталгандары гана. Анын башка адамдардын атына жазылган мүлктөрү барбы? Биз билбейбиз… Бирок документтер менен ырасталгандары да суроо жаратат: өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келген адам мынчалык байлыкка кантип жеткен?» — деп жазган анда гезит.

Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

2013-жылдын ноябрында Келдибековго каршы үч кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура аны парламент төрагасы жана Социалдык фонддун башчысы болуп турганда коррупциялык иштерге барган деп айыптаган. Саясатчы ошол эле айда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы тергөө абагына камалган.

72 сотка жер тилкеси

Болгариядагы компаниянын ээси Аида Токтоматова экендиги шек туудурбайт, анткени «ЕВРАЗИИ-КГнын» уюмдаштыруу документтериндеги аты-жөнү, туулган датасы, жарандыгы жана жашап турган дареги дал келүүдө.

Evraziya1

Evraziya2

Расмий түрдө Келдибековдун жубайынын компаниясы экономикалык активдүүлүккө ээ эмес — «ЕВРАЗИЯ-КГнын» 2013-жылкы капиталы жөнүндөгү Токтоматова тарабынан кол коюлган отчетто фирманын ал мезгил үчүн көрсөтүлгөн баланстык эсебиндегидей эле каражаты жок экени жазылган.

Бирок компаниянын атына Бяла шаарындагы жер тилкеси катталган. Бяла — эки миңден ашыгыраак калкы бар, Кара деңиздин жээгинде жайгашкан анча чоң эмес шаарча, Варнадан ал жакка чейин бир саатта жетүүгө болот.

Бул аймактардан алыс эмес жерде Келдибековдун үй-бүлөсүнүн жер тилкеси жайгашкан
Бул аймактардан алыс эмес жерде Келдибековдун үй-бүлөсүнүн жер тилкеси жайгашкан

Жер тилкесин сатып алуу боюнча келишимге 2014-жылдын 11-сентябрында — сот Германияга дарыланып келсин деп  Келдибековду тергөө абагынан бошоткондон бир нече жумадан кийин кол коюлган.

plot-07598.87.38-1068x638

plot-07598.87.38-scale-1068x598

google-maps-07598.87.38-1068x615

7280 чарчы метр аянтты түзгөн жер тилкеси «ЕВРАЗИЯ-КГ» компаниясына Болгариянын жараны Розалина Недялковна Канчевадан 7823 болгар левине (болжол менен 4000 евро же чарчы метри үчүн 0,5 евро) сатылып алынган.

Бул баа Бялада жер сатып алуу боюнча ушул сыяктуу келишимдердеги бааларга караганда бир топ төмөн — кыймылсыз мүлк сатуу жана сатып алуу порталдарында андай жер тилкесинин баасы 30-40 эсеге кымбат, тактап айтканда, ал жер 120 миң евродон ашык болушу мүмкүн.

Rozalina2

Розалина Канчева — Бишкектеги «Экзотик тур» туристтик компаниясынын ээлери Недялко Канчева менен Зарина Кимдин кызы.

«ЕВРАЗИЯ-КГнын» каттоо документтеринде байланыш маалыматтары катары Розалина Канчеванын аты-жөнүн толук кайталаган почта дареги да көрсөтүлгөн.

Rozalina-2

Rozalina-1

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Келдибековдордун өзүлөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Саясатчынын жактоочусу Татьяна Чильникина Kloop.kgге курган маегинде мурдагы төраганын өзү дагы, анын аялы дагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүнү каалабай жаткандыктарын айтты.

«Азыр ал дарылануу менен алек. Ал саясаттан четтегенден кийин чукулоонун кереги жок. Каякка баргандыгы, кандай бизнесинин бар экендиги — бул анын иши. Ал [Токтоматова] бардык байланыштарга каршы. Анын убактысы жок. Анын беш баласы бар. Ал балдарын багуу үчүн акча иштеп табуу менен алек. Анын силерге эмне кереги бар? Кимдин канча бизнеси бар экенин канчага чейин каза бересиңер? Демилгелүү адамдар экен, азаматтар», — деди Чильникина.

Убактылуу жашап туруу укугунун ордуна инвестициялар

Kloop.kgнин кабарчысы өзүн кардар катары тааныштырып, кыргызстандыктын кантип Болгарияда кыймылсыз мүлк сатып ала ала тургандыгын билүү үчүн «Экзотик турдун» кеңсесине кайрылды.

Компаниянын жетекчиси Недялко Канчев анын кардарларынын арасында жогорку кызматтардагы кыргыз чиновниктеринин (мурдагы министрлер менен азыркы парламент депутаттары) бар экенин ырастады.

Анын айтымында, Болгариянын чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндөгү мыйзамына таянуу менен турфирма кардарларынын Болгарияда инвестор макамын жана жергиликтүү ID-картасын алуусуна жардам берет. Ал карта резиденттерге жашап туруу  укугун берет жана аларды Болгариянын жарандары ээ болгон укуктар менен камсыз кылат — бекер билим алуу жана медициналык жардам, пенсиялык камсыздоо жана социалдык жеңилдиктер.

Ошондой эле жашап туру укугун инвестордун күйөөсү же аялы, жана алардын балдары алышат. Бир нече жылдан кийин резидент Болгариянын жарандыгын ала алат.

«Прецедент» юридикалык компаниясынын башчысы Фатима Якупбаева эгер турфирма атайылап кылмыштуу кирешелерди жашырууга көмөктөшпөсө жана өз уставына ылайык иштеп, аны менен катар салык төлөп келсе, анда ал кыргыз мыйзамдарын бузбагандыгын айтты.

«Андыктан далилдерсиз турфирманы биргелешип иштөөчү деп табуу мүмкүндүктөрү абдан эле төмөн», — деди юрист.

Келдибековдун айыпталышы

Акматбек Келдибеков 90-жылдардын башынан бери мамлекеттик түзүмдөрдө иштеп келген. 1993-жылдан бери — Каржы министрлигинде иштеп, 2001-жылы министрдин орун басары болуп дайындалган. 2002-жылдан 2005-жылга чейин Келдибеков Социалдык фонддун төрагасы, а 2008-жылдан 2009-жылга чейин Салык кызматын жетектеген.

Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматынын башчысы болуп турганда кызмат абалын кыянат пайдаланган жана коррупциялык иштерге барган деген айыптар менен 2013-жылдын ноябрында кармалган.

Андан кийинки 8 айды ал тергөө абагында өткөргөн. Ошондой эле Келдибековго парламенттин төрагасы болуп турган 2010-2011-жылдары мыйзам бузган деген айыптар тагылган.

2014-жылдын августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту парламенттин кепилдиги менен Келдибековдун Германияга дарыланып келүүсүнө уруксат берген — камакка алынгандан бери парламентарийдин тизе муундарына бир канча жолу операция жасалган. Соттук териштирүүлөр маалында Келдибековдун артериялык кан басымындагы көйгөйлөргө жана чыканак муунунун оорусуна даттанган.

Акматбек Келдибековдун соту. Сүрөт: «Азаттык»
Акматбек Келдибековдун соту. Сүрөт: «Азаттык»

Кийинчерээк Чек ара кызматы 10-августта (башка маалыматтар боюнча — 12-августта) Акматбек Келдибеков үй-бүлөсү менен Стамбулга учуп кеткенин билдирген. Анын үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан кандай курамда чыгып кеткени белгисиз.

Тема боюнча: Болгария досьеси, 1-бөлүк: Эмнеге Мелис Турганбаев ИИМ башчысынын орун басары болуп турганда Болгарияда фирма ачкан?

Тема боюнча: Эльдияр Арыкбаев: Кыргыз чиновниктеринин Болгариядагы бизнестерин кантип таптык?

Урматтуу окурмандар, эгер силерге Келдибековдун же башка чиновниктердин Кыргызстандын сыртындагы бизнестери тууралуу дагы кандайдыр бир маалыматтар белгилүү болсо eldiyar@kloop.kg дареги боюнча биз менен байланышууңарды өтүнөбүз.

А эгер силер иликтөөгө биз менен бирге катышууну кааласаңар, анда ky.kloop.kg баракчасынын башкы бетинин оң бурчундагы форма аркылуу өз темаңарды жөнөткүлө.

Авторлор: Хлоя Гейне жана Эльдияр Арыкбаев.