Кыргызстандын жети рефериси ФИФанын тандалма судьялар тизмесине кирди

Кыргызстандын жети футбол арбитри Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) тандалма тизмесине кирди. Эми алар ФИФАнын жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) алкагында өткөрүлгөн матчтарды тейлей алышат.

Кыргызстандык реферилер Дмитрий Машенцев, Рысбек Шекербеков жана Тимур Файзулин, ошондой эле судьянын жардамчылары Бахадыр Кочкаров, Сергей Грищенко, Замир Чыныбеков жана Исмаилжан Талипжанов Эл аралык футбол федерациясынын тандалма судьялар тизмесине кирди.

26-ноябрдан 1-декабрга чейин Дубай (БАЭ) жана Куала-Лумпур (Малайзия) шаарларында ФИФАнын тандалма категориясындагы судьяларын даярдоо курстары өткөрүлдү.

«Жыл сайын бул судьялар өз деңгээлин тастыкташы керек. Кочкаров Малайзиядагы судьялык семинарга катышкан, калган судьялар БАЭде болуп келген», – деди КРнн Футбол федерациясынын судьялар коллегиясынын төрагасы Юрий Ерошенко.

Арбитрлер дене даярдыгын текшериш үчүн тесттен өтүп, ошондой эле теориялык сынак тапшырышы керек болчу.

Курстарды ийгиликтүү аяктаган судьялар ФИФАнын тандалма тизмесине кирди. 2017-жылы алар ФИФАнын жана АФКнын алкагында өткөрүлгөн бардык матчтарды тейлей алышат.

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы билдиргендей, жалпысынан 2017-жылга карата ФИФАнын тизмесине Кыргызстандын 15 судьясы кирди:

Реферилер: Дмитрий Машенцев, Тимур Файзулин, Рысбек Шекербеков, Спартак Даниленко, Киемидин Пириев;

Судьялардын жардамчылары: Бахадыр Кочкаров, Сергей Грищенко, Замир Чыныбеков, Исмаилжан Талипжанов, Вадим Скопинцев, Элдияр Салыбаев, Азирет Тешебаев;

Футзал: Нурдин Букуев, Нурбек Букуев, Чынгыз Мустафаев.

Сүрөт: FIFA

ТЕМА БОЮНЧА: