Футбол: Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 25 позициясын жоготту

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде дароо 25 позициясын жоготуп, эми 124-орунду ээлеп турат. Ноябрда мындан начар көрсөткүч Түркмөнстан менен Чадда гана болду.

Команданын рейтингинин төмөндөшү дароо бир нече жагдай менен байланыштуу. Биринчиден, акыркы айда команда бир тең чыгыш менен (Бахрейнге каршы 0:0) жана бир утулуш менен (Филиппинге каршы 0:1) гана көзгө урунду.

Мындан тышкары, рейтингде акыркы жылдагы упайлар гана эсептелээри өз таасирин тийгизди. Бир жылдан ашыгыраак убакыт мурун ойнолгон матчтар төмөндөтүүчү коэффициент алат, ал эми 5 жыл мурунку оюндар таптакыр эле эсепке алынбайт.

Ноябрдагы рейтингде Кыргызстан Иорданиянын командасын өз мекенинде, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо айлампасында утуп алган былтыркы сенсациялуу матч «эскирип» калды.

Курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин ноябрда Филиппин менен болгон оюндан кийин команданын негизги кыйынчылыгы ыңгайлуу учурларды пайдаланууга байланыштуу болуп жатканын айткан.

Октябрда Кыргызстан ФИФАнын тарыхындагы өзүнүн эң мыкты натыйжасын көрсөтүп, 99-орунга чыккан.

124-орунга түшкөн соң команда бул айда эң төмөн түшкөн үч команданын катарын толуктады. Мындан катуу төмөн түшкөн Түркмөнстан (-29 позиция) менен Чад (-49 позиция) эле бар.

ФИФАнын курама командалар рейтинги — команданын учурдагы салыштырмалуу күчүн аныктаганга жардам бере турган система. Ал ай сайын жаңыртылат.

Упай берүү системасы туруктуу эмес жана көп жагдайлардан: атаандаш курама команданын күчүнөн, ФИФАнын учурдагы рейтингинде алган орундан, матчтын маанисинин коэффициентинен жана башкалардан көз каранды.

2017-жылдын январында 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына тандоочу беттешүүлөрдүн үчүнчү, чечүүчү айлампасына чүчүкулак кармалат.

ФИФАнын рейтингиндеги жогорку позиция Кыргызстанга өзүнө ылайыктуураак команданы атаандаш кылып алганга жана Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө тарыхта биринчи жолу чыгууга мүмкүнчүлүктү көбөйтөт.

Чүчүкулак кармоо учурунда 22-декабрда чыга турган рейтингдин редакциясындагы Кыргызстандын абалы эсепке алынат.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы (КРФФ) билдиргендей, 2017-жылга курама команда азырынча эч кандай жолдоштук матчтарды пландаштыра элек.

Маалымат булагы: Fifa.com
Сүрөт: КРФФ