Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун улуу уулу Рустам Эмомали Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын мэри болду. Тиешелүү жарлыкка анын атасы кол койду.

Отуз жаштагы Рустам Эмомали мурдагы шаар башчы Махмадсаид Убайдуллоевдин ордуна келет. Убайдуллоев акыркы 19 жыл бою башкалаанын мэри болуп иштеп келген.

Убайдуллоев өлкө парламентинин төрагасы да болгон, башкача айтканда мамлекетте президенттен кийинки экинчи орунду ээлеп турган.

Тажикстандын өкмөтүндө башка да кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Жаңы мэр Рустам Эмомали буга чейин Мамлекеттик каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөш боюнча агенттикти жетектеп келген. КМШ өлкөлөрүндө ал эң жаш генерал болуп эсептелет.

Мурда президент президенттикке талапкерлердин жашын 35тен 30 жашка чейин төмөндөткөн мыйзам кабыл алган. Серепчилер Рахмон президенттик кызматка өз уулун даярдап жатат деп эсептешет.

«Үч-төрт жылдан бери Рахмон өз уулу Рустамды мураскер кылып чыгаруусу белгилүү болчу. Анын бардык бийлик кызматтарына дайындалышы ушул версияны тастыктап жатат», — деген 2015-жылдын февралында Борбордук Азия боюнча серепчи Аркадий Дубнов «Коммерсантка» курган маегинде.

Башкы сүрөт: «Озоди» үналгысы. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (солдо) жана анын улуу уулу Рустам Эмомали (оңдо).

ТЕМА БОЮНЧА: